Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Медицина адистерин кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. С.Б. Данияров атындагы КММКД жана КЖ институтунун анестезиология жана реаниматология кафедрасынын башчысы Айке Молдоташеванын айтымында, жаш дарыгерлерден сырткары, эмгек өргүсүндө жүргөн медицина кызматкерлери COVID-19 илдети менен күрөшүү боюнча билимин бышыктап жатышат. 

“Биздин окутууларга катышкандар - дарыгерлер, бирок алар анестезиолог-реаниматологдор эмес. Бизде кабыл алынган дарылоо протоколуна ылайык, кайра даярдоо иштерине кесиптештер активдүү катышып жатышат. Онлайн окутуу курстары бир убакта 500 дарыгерди камтый алат. Биз ар бир окууга 30дан киши катышышат деп күткөнбүз. Бирок күн сайын түйүнгө 70ке жакын кесиптештерибиз кошулуп, кызыктырган суроолоруна жоопторду алышууда”, - дейт Айке Молдоташева. 

Быйыл жалпысынан 16 миңден ашуун дарыгер кайра даярдалып, квалификациясын жогорулаткан.  Онлайн окутуу курстарына жаш дарыгерлер өзгөчө кызыгуу менен активдүү катышып жаткандары өзгөчө белгиленди. Кайра даярдоодон ийгиликтүү өткөн айрым жаштар, кызыл зонада алган билимдерин иш жүзүндө көргөзүп жатышат. 

Өткөн жылы декабрда коронавирус инфекциясы чыгышы менен институттун адистери аймактарды кыдырып, медицина кызматкерлерин инфекциялык көзөмөл боюнча кайра даярдай башташкан. Жугуштуу илдетти алдын алуу, жеке коргоочу каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча окутуулар өткөрүлгөн. Абал пандемия деп жарыяланышы менен онлайн курстарга өткөн. Анын ичинде коргоочу каражаттарды туура кийип, чечүү, лабораторияларда иштеген кызматкерлерге ПЦР жана экспресс-тесттерди туура алуу жолдорун көрсөтүлгөн. 

«Азыркы учурда жугуштуу ооруларга каршы иммунопрофилактиканы туура алып баруу боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууга камынып жатабыз”, - деди институттун коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы Сабира Жумалиева.