Адамдардын моралдык, психологиялык жана кесипкөйлүк жактан ким экендиктери башка чындап мүшкүл түшкөндө билинет. Жай учурларда эртең менен ишке барып, кечинде келип, кооз сөздөрдөн сүйлөп коюп, кыдыңдап жүрө бергендин кандай кыйынчылыгы бар? Ал адам атпайдын бардыгынын эле колунан келет. Бардыгыбыз эле ошентебиз. Бирок, эл башына оор сыноо, кыйынчылык келгенде адамдардын инсандык өзгөчөлүктөрү рентгенге салгандай эле көрүнүп калат экен. Пандемия да биздин ак халатчандардын кимиси канчага турарын аныктап койду десек болот.
Электрондук саламаттыкты сактоо борбору деген мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы врачтардын саны 13790, ортоңку медперсоналдын саны 33518 адамды түзөт. Коронавирус өлкөбүздү солкулдатып, элдин аңын учуруп жаткан учурда алардан 7326 врач (53 пайыз) , ортоңку персоналдан 16407 (49 пайыз) адам гана иштешиптир. Алардын 10-12 пайызы ооругандары боюнча бюллетенде, жаш балдарын карагандыктары боюнча отпускаларда болушуптур. Ал эми калгандары кайда кетишкен?
Алар жөн эле өздөрү берген Гипократтын антын бузушуп, ишке чыкпай коюшуптур. Алсак, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери А.Усупбаевдин билдирүүсү боюнча, пандемия убагында ал жерден 70 адис өз ыктыярлары менен кызматтарынан бошоп кетишиптир. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Кыргызстанды пандемия чырмап, врачтар, медайымдар, кенже персоналдар жетишпей, алардын айрымдарынын милдеттерин волёнторлор, медакадемиянын жогорку курстарынын студенттери, чет өлкөлөрдөн келишкен врачтар аткарып жатышкан учурда, дезертирлик кылып, кызматтык милдеттерин аткарбай койгон “ак халатчандар” жөнүндө эмнени айтууга болот?
Бул согуш учурунда курал-жарактарын ыргытып жиберип, майдандан качып кеткенге тете көрүнүш. Андайларды жеткен жерден кармап, аскердик трибунал аркылуу оор жазаларга кириптер кылышат. Көбүн ага деле жеткиришпей тийиштүү чараларды көрүшөт. Ал эми элди оор илдет каптаганда өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандарга кандай чаралар көрүлөт?
Эгерде Кыргызстанда врачтар, медайымдар жетиштүү болсо, аларды кайра саламаттыкты сактоо системасына жолотпой, “кыйын учурда өз милдетин аткаруудан баш тарткан” деген сары тамга менен биротоло айдаш керек эле. Бирок, тармакта врачтар, медайымдар жетишпегенден улам алардын бир бөлүгүн кайра өз кызматтарына алууга аргасыз болушат. А.Усупбаевдин айтымында, пандемия күчөгөндө өз кызмат орундарын таштап кеткендердин айрымдары кайра ордуларына келүүгө ниеттери бардыгын билдирип жатышыптыр. Келсе, келе беришсин, бирок аларды жооптуу орундарга, жетекчилик кызматтарга жолотпоо керек. Бул максатта саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, кайра келе тургандарды сыдыргыдан өткөрүп кабыл алышса туура болмок. Дезертирлик кылгандарды мурда ээлеген кызматтарынан 1-2 тепкичтен төмөнгө гана жайгаштыруу зарыл. Антпесе өз өмүрлөрүн тобокелге салып, алардын ордуларында иштеп жаткандар эмне дешет? Деги дезертилер кесиптештеринин жүздөрүн кантип карашат болду экен? Уялбай антип кайра баргандан көрө эски-ускуларды сатчу базарларга чыгып кетишсе деле болмок.
Пандемия убагында Гиппократтын антына бекем туруп, илдетке чалдыккандарды айыктыруу үчүн күндөп-түндөп күрөшкөн врачтарга, медайымдарга жүз жолу ырахмат айтсак да аздык кылат. Алардын 10-15 пайызы дайыма “кызыл зонада” же илдетке чалдыккандардын арасында жүрүштү. Тилекке каршы, алардын арасынан 73 адам илдеттен улам жарыкчылыктан өтүп кетишти. Жалпысынан ак халатчандардын арасынан илдетке чалдыккандар 3 миңге жакынды түздү. Азыр алардан 700дөн ашыгы ооруп жатышат. Бирок, ооруп айыккандары кайра өз постторуна турушуп, өз милдеттерин эки эселенген дем менен аткарышууда. Алардын даректерине кандай жакшы сөздөрдү айтпайлы, өкмөт кандай компенсациялык колдоолорду көрсөтпөсүн жарашат. Алар ошого татыктуу. Пандемия биротоло өтүп, өлкөбүздүн экономикасы жакшырганда алардын эмгектери дагы бир жолу эске алынарына ишенебиз.
Бирок, дезертирлик кылгандардын жоруктары да эске алынышы керек. Ал өч алуу же жазалоо үчүн эмес, кийинкилерге сабак болсун үчүн.
Акбермет Айжигитова, Булак: “Майдан. kg” гезити