Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаардык соту «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата чечим чыгарды.

Сот биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырды. Буга чейин судья Эмилбек Каипов А.Атамбаевди Жазык кодексиндеги коррупция уюштуруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 11 жыл 2 айга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан.

Ал эми мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салынды.

Ошондой эле ЖАМКтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Белгиленген жаза өтөлдү деп эсептелип, сот залынан бошотулду.

Ал эми дарыгер Абдухалим Раимжанов Жазык кодексиндеги 348-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын мөөнөтү эскиргендиктен жаза белгиленген жок.

Булак: Баракелде