Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети бар партиялардын ичинен үчөөнү тизмеден чыгарды. Алар: “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы”, “Агрардык партия” жана “Жаратман” партиясы. БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изрековдун “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тарткан. Ал эми “Агардык партия” менен “Жаратман” партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн жарыштан чыгарылды.

Буга чейин талаштуу болуп келген КСДП шайлоого ат салышуучу партия катары катталган. Буга Жогорку соттун корутундусу негиз берген. 28-июлда Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) парламенттик шайлоого каттоого милдеттендирген чечимди күчүндө калтырган.

Булак: Элгезит