Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

Москва шаарындагы кафелердин биринде теле алып баруучу Артур Цветков менен кыргызстандык жигиттин ортосунда жаңжал чыккан. Интернетке тараган видеодон теле алып баруучу кафенин кызматкерин кемсинтип, аны депортациялатам деп коркутканын көрүүгө болот.
Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кафеде ашпозчу болуп иштеген Манап менен байланышты. Анан айтымында, Артур Цветков тез тамактануучу жайга досу менен бет кабы жок кирген. Кире беришке бет кап тагынуу керектиги жазылган.

«Ал буйрутма берип баштады, кассир кыз бет кап тагынуу керектигин айтып, бирок ал аткарган жок. Ал дагы бир ирет бет кап тагынуу керектигин эскерткенде алып баруучу кургак майлык (салфетка) менен мурунун жаап, "болдубу?" деди. Кассир кыз бул бет кап эмес экенин айтканда кардар сөгүнүп, досу экөө чыгып кетти. Андан кийин кайра бет кап тагынып келип, менеджерди талап кылды», - деди Манап.

Анын айтымында, теле алып баруучу кафенин кызматкерлерин укпай, аларды кемсинткен.

«Мен менеджер жок экенин, бул жерде жалгыз иштей турганымды айттым. Ал мага сөз бербей, "сен кимсиң? Менин ким экенимди билесиңби?" деди. Ал мени депортация кылдырам деп коркутту», - деди кыргызстандык мигрант.

Кайым айтышуудан кийин Манап менен алып баруучу мушташа кеткен. «Ал соустун бөтөлкөсүн алып, мен чаап жиберди. Мен дагы ага бөтөлкө ыргыттым. Милиция келгенде менин жумушум бар болчу. Кардарларды тейлегиче алар кетип калыптыр», - деди Манап.

Цветковдун жактоочусу Манаптан эл алдында кечирип суроону талап кылып, бирок ал баш тарткан. «Мен аткарбай турганымды айттым. Себеби ал интернетке жайгаштырып, жаңжалдагы күнөөлүү адам мен болуп калмакмын», - деди ал.

Манаптын айтымында, ал эмгектенген жерге Артур Цветков юрист менен чогуу бүгүн, 13-августта саат 12:00 (Москва шаарынын убактысы боюнча) чамасында барган.

Ашпозчу Манап өзү Limon.KG басылмасына: «Биз тараптан Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлү, Миграция кызматынын жана мигранттарды колдоо фондунун өкүлдөрү болду. Эки тарап столго отуруп, болуп өткөн жаңжалды талкууладык. Андан кийин "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналисти келди. Жыйынтыгында Артур Цветков менден жана кассир Бахнордон, ошондой эле кыргыз элинен эл алдында кечирим сурады. Тараптар кол алышкандан кийин тарап кетишти», - деп билдирген.

Булак: Баракелде