Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов, алдыдагы шайлоолор боюнча  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын наамына кайрылуу жолдоду. Төмөндө ал кайрылуунун текстин толугу менен келтирдик.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы

Н.К. Шайлдабековага

Урматтуу  Нуржан Кармабековна,

2020-жылдын 4-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо болот. Бирок бул жолу биз CoViD-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды эске алып гана тим болбостон, ага каршы туруубуз керек. Бүгүнкү күндө эле КР Өкмөтү жана БШК сөзсүз түрдө ишке ашышы зарыл болгон суроолорго жообу даяр болушу зарыл. Алып айтканда, жарандарыбыз жагымдуу эмес, ал тургай коркунучтуу санитардык-эпидемиологиялык жагдайда өзүлөрүнүн добуш берүүгө жана шайланууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруусу тууралуу сөз болуп жатат.

Ушуларга байланыштуу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы башка өлкөлөр коронавирус пандемиясынын шарттарында кандай жол менен өз жарандарынын жарандык жана саясий укуктарын камсыздаганы боюнча тажрыйбасын дыкаттык менен үйрөнүп талдоого тийиш деп эсептейм.

Азыркы учурда мамлекеттик тармактык органдар алдыдагы парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн жагымдуу жана коопсуз шарттарды  түзүүнүн үстүндө иштеп жатат, БШК бул багыттагы максаттарга оптималдуу чыгымдардын сметасын аныктап,  60 млн сом өлчөмүндөгү сумманы жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары шайлоочулардын, шайлануучулардын жана БШК жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин, КР Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин укуктарын коргоо жана ишке ашыруу боюнча маселелрди чечүүдө бир катар маанилүү аспекттерге көңүл буруу зарыл деп эсептейм.

Ал кыжалаттанууну жана тынчсызданууну жаратуучу мындай суроолордун биринчиси катары, алар салттуу түрдө добуш бере албаган жарандардын укуктары кантип камсыздалат жана ишке ашырылат? -деген маселе.  

Ушуга байланыштуу БШКдан суранаарым, алардын укуктары  бузулушу мүмкүн делген жарандардын төмөнкү категорияларына өзгөчө көңүл буруу керек:

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн добуш берүү укугу:

Шайлоолор жөнүндө маалыматтарга болгон укук:

Шайлануу укугу:

Жогоруда белгиленгендерди аткарбоо,  пандемия шартында  жарандардын шайлоого жана шайланууга бирдей укуктарын ишке ашырууга тескери таасирин тийгизүүчү себептерден болуп саналат.

Ошондой эле белгилеп коюучу жагдай, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесинде  белгиленген, “Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт”  деген  жоболорун аткаруу максатында КР Акыйкатчы  аппаратынын кызматкерлери алдыдагы парламенттик шайлоого жер-жерлерде  көз карандысыз мониторинг жүргүзүшөт.

 КР жарандары шайлоо жана шайлануу укуктарын жүзөгө ашыруу  боюнча кандайдыр бир суроолору, арыз же даттануулары болсо, алар КР Акыйкатчы аппаратына, анын ар бир облусттагы аймактык өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле “115 Шыр байланыш” кызматына кайрыла алышат.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын, уюшкандыкта эч кандай экцесстер жана мыйзам бузууларсыз өтөөрүнө ишеним билдирем, — деп жазылат Кайрылууда.

Булак: Элгезит