Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

 Мектептерде окутуунун формасы 2 негиздемеге ылайык аныкталат:

1. Санитардык - эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечими;

2.Ата-энелерге окутуунун формасын тандоо укугу берилип, мектеп жана ата-энелер ортосунда эки тараптуу түзүлгѳн келишим.

“Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан  1 - 11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы  мүмкүн”, - деп билдирди КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.