Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

Учурда парламенттик шайлоого карата саясий партиялар тизмесин түзүү менен убара. Айрым партиялар катарына эл тааныган ырчыларды тартышкан. Ырчы Анжелика алты партиядан сунуш түшкөнүн айтып, саясатка аралаша турганын билдирген. Соцтармакта ырчылардын партиялардын катарына киргени катуу талкууну жаратты. Бакыт Басарбек аттуу колдонуучу мындай пост жазды:

"Биз Анжелика жана ага окшогон "жылдыздар" ишин жакшы аткараарын так билебиз. Сахнага чыгуу, гив жарыялоо, хайп жасоо жана өз жашоосун коомчулуктун талкуусуна коюу. Бирок, парламентке барып бир топ жакшы да, жаман да сапаттуу мыйзамдарды жазууга практикалык тажрыбалары жок. Негизинен, Анжелика саясатка бара алат, а анда кармала алабы - бул чоң маселе. Биок, эгер ырчы депутаттык карьераны баштоону баары бир туура деп тапса, анда ал Кыргызстандагы саясий дилетантизмдин жеңишинин символу болуп калат!