Жаңы алгоритмдер:
- Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн
- Сапар алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
- Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;
- Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда обсервацияга жатат;
- Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан аркы маршрут боюнча жүрө алышат.
- Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, Кыргызстандын аймагына эмгектенүү үчүн келгендер
- Тиешелүү мамлекеттик органдар уруксат берүүчү документтерди кабарлоо үчүн берет;
- Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;
- Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЧР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу керек;
- Клиникалык белгилери жок адамдар ПЧР анализдин жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барышы керек;
- ПЧР анализ таза чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет.
- Кыргызстанга автоунаа менен келгендер
- Бет кап режимин катуу сактоо керек;
- Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
- Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЧР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу иштери жүргүзүлөт. Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулуп,андан ары маршрут боюнча жиберилет.
Булак: Баракелде