Активист Адилет Ормонбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун мурдагы судьясы Айбек Эрнис уулуна чара көрүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды. Ал башкы көзөмөл органына жиберген катын «Феусбуктагы» баракчасына да жарыялады.
Анда Айбек Эрнис уулу быйыл 6-июнда Бишкекте «Toyota Land Cruiser» машинесинин айдоочусу күзөтчүгө кол салып, анын отурган күркөсүн сүзгөн адамга карата кылмыш ишин 24-июнда токтотуп койгонун жазган.
Ошондой эле Эрнис уулу судья болуп иштеп турганда «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун да сынга алган.
Ал мурдагы судьяга байланыштуу ушул жана башка фактылар сот системасына көлөкө түшүрүп, элдин сотко болгон ишенимин кетире турганын жазды жана Айбек Эрнис уулунун ишмердигин иликтөөнү суранды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-июлда Айбек Эрнис уулун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы кызмат ордунан бошоткон.
Июнь айында Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча change.org деп аталган сайттагы петицияга 4200гө жакын киши кол койгон.
Мурдагы судья ага карата сын-дооматтарга жооп бере элек.
Булак: Азаттык