Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

«Пандемия шартына карабастан, айыл-чарба тармагы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти.  Алсак, буудайдын себилиши өткөн жылга караганда 7,5 миң га жана арпанын себилиши 11,2 миң га көп болду. Бул буудайдан 2 центнерге жана арпадан 1,8 центнерге көбүрөөк түшүм алабыз дегенди билдирет. Мисалы, өткөн жылы 601 миң тонна буудай алсак, быйыл 680 миң тонна алууну пландап жатабыз», - деп билдирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. 

Анын айтымында, өзгөчө абал киргизилген: Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна донорлордун жардамы менен 3 түрдүү жеңилдетилген  насыялар гранттык түрдө берилген.