Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

Буга чейин партияларга үгүт иштерин кылууга БШК тыюуу салган.

Боршайком мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook», «YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты. «Чоӊ Казат» партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага катышкысы келерин билдирип 44 саясий партия катталган. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) соттук териштирүүгө байланыштуу катталган эмес.

elgezit. kg