Пандемиялык абалга байланыштуу шайлоо күнү шайлоочулар добуш берүүгѳ келеби? – деген маселе пайда болду. Минтип тынчсызданууга негиз бар. Анткени, жай турмуш убагында ѳткѳн шайлоолорго добуш берүүгѳ укугу барлардын 50%дан биртке ашыгы араң келип, «шайлоо ѳттү» деп айтууга эптеп жетерлик болчу. Бүгүн болсо абал таптакыр башка.Пандемиялык абал ѳкүм сүрүүдѳ. Эл менен жолугуп үгүт иштерин жүргүзүүгѳ тыюусалынды, шайлоочулардын кѳпчүлүгү эл массалык чогулган жерлерге баруудан чочулап турушкан чактары. Мындай учурда шайлоочулардын жетиштүү санда келип берүүсүнѳ ишенүүгѳ болобу?
Эгерде добуш берүүгѳ эл аз келип, «шайлоо ѳткѳн жок» дегенге негиз түзүлүп калса кандай болот? Албетте, жогорку бийлик ага жол бербѳѳнүн айласын кѳрѳт. Демек, административдик ресурс колдонулуп, жасалма жол менен шайлоочулардын жетиштүү санын камсыз кылышабы? Анда шайлоонун мыйзамдуу ѳткѳнү боюнча маселе жаралып, ал саясий туруксуздукка себепчи болуп калбайбы? Айтор, пандемиялык абал сыяктуу эле шайлоонун кандай ѳтѳрү да белгисиз болуп туру.
“Майдан. kg” гезити