Печать
Категория: Коом
Просмотров: 349

Бул тууралуу Ѳкмѳттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, Гансидеги «Семетей» обсервациясынын базасында жугуштуу ооруларды дарылоочу толук кандуу оорукана куру чечими кабыл алынды. Ал жерде 1000 койкалуу оорукана ишке киргизилип, оорукананын базасында лаборатория да ачылат. Инфекциялык оорукана ачууга обсервацияда толук шарттар бар, дагы кошумча жабдуулап, кышында да оорулууларды кабыл алууга шарттарды камсыз кылуу зарыл.

Аида Исмаилова мындай чечим ишке ашып, «Семетей» обсервациясы ооруканага айланса, бул ѳлкѳдѳ эле эмес,  аймактагы эң ири инфекциялык оорукана болуп каларын белгиледи.

“Майдан. kg” гезити