Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

КР аймагында короновирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын тапшырмаларына ылайык жалпы госпитализацияда жаткан 33 032 жаранга 779 034 порция тамак берилип, кеткен чыгым 38 млн 331 миң 033 сомду түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бир  күндүк тамак – ашка кеткен чыгымдын болжолдуу орточо баасы 150 сомдон жогору.
 
Ошондой эле оперативдүү штабынын Протоколдук тапшырмасы менен Министрлик тарабынан кызыл зонада кызмат кылып чыккан кызматкерлер тамак-аш менен камсыздалууда:  

-медицина кызматкерлерине – 5 756; 
-ИИМ кызматкерлерине – 323; 
-ӨКМ кызматкерлерине – 341.