Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Биздин маектешибиз Улугбек Жоомартов “Семетей” базасындагы “кызыл аймакта” 18 күн иштеди. Дарыгер  ыктыярчы катары биринчилерден болуп барган жана ал жакта эмнелер болгонун айтып берди.

- “Кызыл аймакка” ыктыярчы-дарыгер болууну кантип чечтиңиз?

- Мен чакырык жасалаары менен дароо эле ыктыярчы болууну чечкем. Айтаарым менен кийинки күнү даярдангын дешти. 

- Бул иш үчүн ден соолугуңуз жакшы экенин эч ким текшерген жокпу?

- Бизден ушундай оор милдетти көтөрө алаар-албашыбызды сурашты, мен көтөрө алам дедим. Эч кандай текшерүүдөн өтпөдүк, бирок биз дарыгербиз да, кандай дартыбыз барын билебиз.

- Сиз кандай абалга туш келериңизди түшүндүңүз да?

- Чынын айтсам, трагедиянын масштабын элестетпептирмин. Мындан жеңил болот го деп ойлогом. Обсервацияга келгенден кийин иштин көптүгүн билдим. Биздин корпустун жанында өтө зарыл болгон дары-дармек жана системалар салынган өтө көп коробка турчу.

Бул өтө көптөй сезилди, экинчи кабатта 60 орунун 30унда гана бейтаптар жатчу. Баары көзөмөлгө алынган эле, бирок кайсы бир убакта бейтаптардын күчтүү агымы башталды. Мен бейтаптардын көптүгүнөн нес болуп жүрдүм.

Имараттын жанында дайыма тез жардамдын 3-4 унаасы турду. Иштин алгачкы үч саатында эле өйдөдөгү бардык палаталар толду. Аны менен катар биз кимдин абалы жеңил, кимдики оор аныкташыбыз керек, бул оңой эмес. Баары анализдеринин жыйынтыгын колдоруна кармап келишпеген.

Обсервация – бул талаа госпиталы сыяктуу, анда лаборатория болбойт, биринчи күндөрү жандандыруу бөлүмү да жок эле. Башында орто деңгээлдеги оор бейтаптардын акыбалы кескин оордошуп кетээрин эч ким эске албаган.

Мамлекет такыр даярданган эмес деп айта албайм, болгону бир убакта илдет ушунчалык күч алып, абал тозокко айланып кетерин эч ким күтпөгөн.

- Жеке коргоочу каражаттар тууралуу эмне дейсиз?

- Бизде эл аралык стандарттар боюнча жасалган сапаттуу СИЗ болду, бирок ага карабай кийингениңде чыдабай тургандай ысык, анан суу болуп кетчү. Аны 12 сааттап чечпей жүрдүк. Беткап жана көз айнек бетти катуу кысат, резинканын тагы түшүп калчу. Ошондуктан биз кулагыбызга жана мурдубуздун үстүнө жумшак чүпүрөк коюп алчубуз.

Кээде жеке коргонуу каражаттарынан маселе жаралчу, бирок бардык кызматтар мүмкүнчүлүккө жараша иштегенин түшүнүү керек. Бизге жардамга эл келди. Мисалы, журналист Кристина Босивская бизге эмне керектигин өзүнүн баракчасына жазды, а эл эмне керек болсо баарын, жумшак чүпүрөккө чейин алып келип беришти. Биз биринчи корпуста иштегендиктен убакыттын өтүшү менен керектүүнүн баары келди, а башка кийинчерээк ачылган корпустарда эмнелер болгонун билбейм.

- Дарыгерлер кезмет учурунда суусундук ичишпейт, анткени дааратканага баруу кыйын деп айтылгандар чынбы?

- Ооба, биз эч жакка үлгүрө албачубуз! Дайыма кимдир бирөөнү сактап, асма укол койгонго туура келчү. Суусаганыңды ойлоп да койбойсуң. Кезметти өткөргөндөн кийин костюмду чечип, бир литр сууну бир ичип аласың.

- Эл обсервацияга өзүңдүн кислороддук концентраторуңду ала барышың керек экен деп арызданышкан болчу.

- Башында бизде 6 мыкты концентратор бар эле, биринчи күндөрү ал жетиштүү болуп жаткан, анткени төмөнкү сатурациялуу оор абалдагы бейтаптар аз эле. Кайсы бир убакта көп бейтаптардын акыбалы кескин начарлады, концентраторлор жетишсиз болуп калды.

Бир бейтапка эки концентраторду кошконго туура келди, кээде үчөөн, ушинтип гана кислороддун зарыл өлчөмү менен камсыз кылып жаттык.

Бейтаптардын өздөрү донорлор, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чүй облустук ооруканасы камсыздаган концентраторлор менен келе башташты, баары өз ордуна келди. Балким башка корпустарда бир топ курч жетишпестик болгондур. Чындыгында жетишпеген нерсе  бул таза медициналык кислород эле.   

- ИВЛ аппаратыбы?

- Жок, азыр түшүндүрөм. Биздин көп бейтаптарда оор респиратордук синдром болду, бул өпкөнүн 50, ал турмак 75 пайызы жабыркаганда жаралат. Мындай учурда калган альвеолдор канды кислородго каныктырууга аракеттенет, ал канчалык көп болсо, ошончолук тапшырмасын жакшы аткарат. Биз дем алып жаткан кадимки абада 21 пайыз кислород бар. Бир концентратор анын санын эки эсе көбөйтөт, а медициналык кислород – абдан таза, анда 90 пайыз бар жана өтө жакшы сиңет. ИВЛ аппараты – бул такыр башка нерсе. Ал такыр өз алдынча дем ала албай калгандарга керек. Биз бейтаптарда жасалма комага түшүрөбүз, ал үчүн аппарат дем алып берет.

- Тамак-аштан маселе жаралдыбы?

- Жок, ӨКМ күнүнө үч жолу тамак алып келип жатты, биз бейтаптар жегенден жедик. Тамак-аш абдан көп болду, жеп бүтүүгө үлгүрө албай калчубуз. Жүк ташуучу унаалар менен максым ташышты, бир фирма суу менен диспенсер орнотту. Биздин корпуста эки бейтапка бир даараткана жана душ кабинасы бар – талаа госпиталы үчүн начар нерсе эмес. Термометр менен да көйгөй жаралды: биринчи убакта биз алыстан өлчөөчү градусниктерди пайдаландык, бирок өтө көп жаңылыштык. Андан кийин адамдар сымап градуснигин алып келе башташты. Анан да башында пульсоксиметр жетишпеди, төрт дарыгерге бирөө тийчү, биз анын артынан аңдып эле жүрдүк. Андан кийин аны да алып келип беришти. Дагы да мен өзүмдүн, биринчи корпусум тууралуу айтып жатам. Калгандары өтө шашылышта ачылган, ал жакта баары башкача болушу да мүмкүн.

- Бейтаптар арасында дүрбөлөң болду деп айтууга болобу?

- 50 адамдын 10-15и дүрбөлөңгө түшүп, катуу коркушту. Элестетип көрүңүз, бейтаптын сатурациясы капысынан 30га түшүп калды, ал өлүп баратканын, жакындары менен коштошуусу керектигин кыйкырып баштады. Бирок кийин тынчтанат, а сатурация кислороддук концентраторсуз эле өзүнөн-өзү 95ке чейин көтөрүлөт.

Мен сизге бир окуяны айтайын. Бизге чоң атаны алып келишти. Ал өзү эч жакка баргысы келбептир, туугандары күч менен алып келишти.  Жылмайып жатат, толугу менен позитив. Кандайсыз деп сурасаң, “Баары жакшы, кудум эле Баунти аралындагыдай”, - деп жооп берет.

Качан гана биз анын КТ жыйынтыгын көргөнүбүздө, эсибиз чыкты: өпкөнүн 75 пайызы жабыркаптыр! Мындай көрсөткүч менен бейтаптар же жандандыруу бөлүмүнө түшөт, же узап кетишет... Биз ага эмнелерди гана кылбадык: туура жатууга мажбурладык, катетер койдук, үзгүлтүксүз дары тамыздык, үч концентраторго туташтырдык. Ал бир нече сутка уктабады, дайыма Баунти аралындагыдай абалда экенин жарык маанайда айтып жатты.

Азыр ал кислороддук концентраторсуз жүрөт, сатурация 62ден 85ке көтөрүлдү. Мына ушундай жашоону сүйгөн, жарык маанай бейтаптар тез сакайышат.

- Бейтаптарды жоготууга да туура келдиби?

- Менин кезметимде эч ким каза тапкан жок! Болгону бир жолу биз баарыбыз бирге адамды сактап калууга аракеттенип, жарым саат алыштык, бирок каза болуп калды. Ал менин бейтабым эмес болчу, бирок көз алдымда анын көз карашы түбөлүк калды – ушунчалык чарчаңкы болчу. Ал адам кыйналды, дем жетишпеди, көзү менен сактап калуубузду суранды, бирок өпкөсү такыр эле жарактан чыгып калган эле.

- А сиз өзүңүз өлүп калуудан коркподуңузбу? Коронавирус жалаң гана улгайган адамдарды алып кетет деген жалган болуп чыкпадыбы. Бизде канча деген жаштар көз жумду...

- Коркуу сезими эч кимибизде болбоду, биз деген коргоочу костюм менен жүрдүк да.

- Баары бир коронавирус менен оорудуңузбу?

- Түшүнө албайм, оорудумбу же. Азыр мен карантиндемин, 118ге телефон чалсам, төрт күндөн бери мага жете албай коюшту. Меники кадимки фарингит болсо керек: коргоочу костюмда өтө тердейсиң, а түнү сыртка чыгып, аны чечесиң... салкын боло түшөт. Ошентип суук тийгизип алдым го деп ойлойм.

- Шаардын дээрлик бардык тургундары дары-дармек издеп суй жыгылды, а дары-дармектерди 2-3 эсе кымбат сатып жатышты. Үй-бүлөнүн акыркы акчасын жулуп алчу дарыны жазып берүү сизге кандай болду?

- Дары–дармектин жарымы мисалы, гепарин, левофлоксацин, цефтриаксон, физраствор, рингер раствору бизде бар эле. Маселенин баары көпчүлүк үйүнө дарыланып, антибиотик кабыл алууга мажбур болгонунда болду, аны менен инфекция дары-дармекке бир топ туруктуу болуп калды. Бир топ күчтүү дары жазып бергенге туура келди, аны туугандары өз эсебинен сатып алып келишти.

- Мени айрыкча бүт шаар оңой эмес акча турган Актемрди издегени таң калтырды.

- Бул иммунодепрессант, негизинен онкологияда колдонулат. Ал россиялык медициналык протоколго жазылган, бирок ал жакта бул дары бекер берилет, а бизде сатып алууга туура келет. Актемры башынан эле биздин өлкөдө абдан аз санда болчу. Буга чейин 20-25 миң сом турса, көз ирмемде баасы 50-70 миң сомго жетти. Чынын айтканда биз аны сунуштаган эмеспиз, анын кесепети көп.

Дексаметазон курсунан кийин бизге келип түшкөндөр да маселе жаратты. Бул дарыны өтө абайлоо керек, анализдердин жыйынтыгынан кийин гана колдонууга мүмкүн, а бизде лаборатория жок. Анан кантип биз аны ойлонбой сая алабыз?

Дексаметазон аутоиммундук процесстин башталышында жакшы жардам берет, бирок оор респиратордук синдромдо гана. Сиздер түшүнүү үчүн белгилей кетейин, дарыны сайууга чечимди реаниматолог кабыл алууга тийиш. Тилекке каршы, бир убакта бул дарыны баары тегиз сунуштап башташты.

Дагы бир коркунучтуу дары – эуфиллин. Албетте, ал альвеолду абдан жакшы ачат, жабышып калууну жок кылат, кислородго каныгуу көбөйөт, бирок аны менен катар кан басым төмөндөйт жана өпкө суюктукка жык толот. Бул коркунучтуу да, түшүндүңүзбү? Мында дарыгер бейтаптын акыбалын тыкыр көзөмөлгө алышы керек.

- Дарыгерлерге “кызыл аймактагы” ишине акы төлөнөбү?

- Ооба, бизге ишке акы төлөнөт деп айтышкан, бирок мен ал жакка акча үчүн барбадым, бул жагымдуу бонус болду. “Кызыл аймакта” өткөргөн суткага 3 миң сом, ал эми карантиндеги күнгө 900 сомдон төлөнөт дегендей кылышкан. А чындыгында бул акча компенсация катары көбүрөөк кетет, анткени көп медкызматкерлерге андан кийин дарыланууга туура келет. Мен мисалы иммунитетти бекемдөө үчүн дары сатып алдым.

- Жакында соцтармактарда медициналык билими жок кишинин оорунун көбөйүшүнүн себеби көчөлөрдү дезинфекциялоо деген билдирүүсү тарады.

- Мен бардык жарандарды медициналык билими бар адамдарды гана угууга чакырам. Бул инфекцияны көптөрү хайп үчүн колдонушту, өз атак-даңкын арттырып алууга пайдаланышты.  Дезинфекциядан эч ким өлгөн эмес, деги эле андан пайда деле жок. Бул өпкөнү соолутуп салчу согуш хлору эмес да, ал саналуу мүнөттө эле күндүн нурунан ээрип жок болот.

Мени интернеттеги дагы бирөө таң калтырууда, бардык жерге жазып протоколдорду иштеп чыккандар кылмышкерлер деп жатат. Ал кайсы бир компаниянын аз иликтенген вируска каршы дарысын протоколго кошулбаганына нааразы экен. Киши бардык медициналык коомчулуктун кыжырын кайнатуучу ызы-чууну баштап жатат.

Маселе – бизде азыр аны менен күрөшүүгө убакыт жок. Мунун баары жолтоо болот жана өлкөгө шектенүүнүн туманын пайда кылат.

- Коронавирус коркунучтуубу?

- Коркунучтуу. Мен бейтаптар илдет менен кантип алышып, кандай абалдан өтүшөөрүн сөз менен жеткирип бере албайм. Көп бейтаптар илдет жуктуруп алышаарына ишенбегенин моюнуна алышты. Коронавирус – бул өтө эле реалдуулук.

Булак: “Спутник Кыргызстан”. Эркин которулду

“Майдан. kg” гезити