Печать
Категория: Коом
Просмотров: 78

“3-августка карата коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерден компенсация төлөп берүү боюнча кырктай арыз келип түшкөн”, - Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев.

Анын айтымында, 40 арыздын төртөөсү канааттандырылып, компенсация төлөнүп берилген. Калган арыз документтердин жетишсиздигинен артка кайтарылган.

Андан сырткары коронавирустан каза тапкан медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолу төлөнүп берилчү компенсациянын негизинде эки маркумдун артында калган жакындарына бир миллион сомдон берилген. Башка маркумдардын жакындарына да компенсация берилет. 

Ал эми инфекция менен күрөшүүгө тартылган ыктыярчылардын төлөмү беш айдын ичинде жүргүзүлөт.