Печать
Категория: Коом
Просмотров: 88

- Токон Болотбекович, учурда Ош коогалаңы боюнча боюнча өмүр бою эркинен ажыраган А.Аскаровдун өлүмү актуалдуу теманын бирине айланды. Ал эмне үчүн дарылануудан баш тартыптыр?

-  Биздин аппараттын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери 2020-жылдын 16-июлунда, №19 мекемесине барып, ал жерде соттолгон Азимжан Аскаров менен жолугушуп, анын ден-соолугунун абалы жөнүндө сүйлөшүшкөн.  №19 ТК медициналык бөлүмүнүн башчысы  А.Аскаровдун дене температурасы бир нече күн бою 38,5 ° Сга чейин көтөрүлүп, кан басымы нормадан бир аз төмөн болгонун айткан. А.Аскаров өзү денесинин температурасы бир нече күн бою туруктуу эмес экендигин, муундары ооруп, тамакка табит жок болуп, кусуу рефлекси болгонун ырастаган. Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган мекеменин дарыгерлери А.Аскаровдун дене температурасын жана кан басымын өлчөшкөндө температурасы 36,9 ° C, кан басымы 100/60б көрсөткөн.  №19 ТК дарыгерлери бардык чараларды көрүп жатабыз, А.Аскаров венага тамыр аркылуу глюкозаны, тамчылатма витаминдерди, температураны калыбына келтирүүчү литикалык аралашманы, ошондой эле тиешелүү симптоматикалык дарылоону алып жатат дешкен.  Сүйлөшүүнүн аягында А.Аскаров андан ары дарылануу үчүн №47 ТКна которулбай эле, №19 мекемеде дарыланайын деген. Ошого карабастан ГСИН жетекчилиги А.Аскаровдун ден-соолугуна көңүл буруп комплекстүү медициналык обследование жүрүзүү жөнүндө ГСИНге кайрылганбыз.        

- А. Аскаровдун көрүн “кыргыздар казып салат”- деп кооптонуп, сөөгүн Өзбекстанга алып кетүүгө уруксат сурап жатышат. Кыргыздар өлгөн адамдын сөөгүн кордойбу? 

-  Өлгөн адамдын сөөгүн кыргыздар бир эле учурда кайра казып алышкан. Туугандары киши колдуу болду деп шектенип, сөөктү казып чыгышып,  өлүмдүн объективдүү себептерин такташ үчүн, тергөөчүнүн токтому жана соттун чечими менен сөөктү өлүкканага патологоанатомдордун изилдөөсүнө жөнөтүшөт. Бардык экспертизалардан кийин өлүм себеби аныкталат. Кыргыздар ушул гана жагдайда көрдү казышпаса (ошондо да бул абдан чанда кездешет)  душмандык кылып чоочун адамдын сөөгүн казышкан эмес.  Мындай жорук бизде жок. Кыргыз үйүнө жылан кирсе да ак чачып узаткан калк. “Көрүн казат”- деп элди дүрбөлөңгө салып аткандар жөнүндө айтсам: биз бир эле коомдо жашап жатканыбыз менен ар бир адам өз деңгээлине жана өз катмарына жараша ой жүгүртөт экен. Аларга тыюу да сала албайт экенсиң. Болгону өздөрү кыргыз болуп туруп, кыргыздын  салт-санаасында андай жаман көрүнүш жок экенин билип туруп күмөндөнүүнүн өзү туура эмес дейт элем.

- Камактагы саясатчылардан кабар алып турасызбы? Ал жерде ак жерден камалып жатабыз дегендер да  көп го...         

- Бул кызматка Жогорку Кенеш дайындагандан кийин баары менен, анын ичинде элге таанымал камакта жатка менен дагы жолугам. Бул менин ишимдин бир бөлүгү. Ар бир адам өзүн акмын дейт.  Ал адамдар менен жолугушканда ар кандай сөздөр жана ой-пикирлер айтылат. Акыйкатчынын милдети - бул мамлекеттик органдар тарабынан адам укугун бузганга жол бербөө. Эгерде андай фактылар болсо анда Башкы прокуратура жана башка мамлекеттик органдар менен бирге адам укугун бузууларды жоюп, кайра ордуна келтирүү. Бирок алардын арыздарын жөн калтырбастан тиешелүү органдарга кайрылуу жиберебиз, маселени чечкенге аракеттенип тийешелүү иш-чара уюштурабыз.

- Евробиримдик А.Аскаровдун өлүмүн иликтөө зарылчылыгын айтыптыр. Иликтениши керекпи?

- Албетте, Евробиримдик бул маселени көтөрө берет. Ал гана эмес, башка да эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар көтөрөт. Бирок, биз бир нерсени эсибизге алышыбыз керек. Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза уюштурулуп, эксперттер, тергөө кызматкерлер катышып, кайра сойуу болду. Соттук-медициналык комиссиянын жыйынтыгын билбей туруп, сунуш-пикир айтуу эртелик кылат. Качан жыйынтыгы колубузга тийгенден кийин гана кандайдыр бир ой-пикирди айтсак туура болот. 

- Экс президент А.Атамбаевдин ден-соолугу боюнча кабардарсызбы?

- Мурдагы президент менен жолугуп кабар алып турабыз. Ушул жылдын 21-февралында аппараттын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери барып жолугушкан. Анда ал кармоо шарттарына эч кандай дооматы жоктугун билдирген. Ал эми ден соолугу тууралуу, “акыркы учурларда артериалдык кан басымым төмөндөп, медиктердин кызматына көбүрөөк кайрылуудамын”,- деген. Андан соң ушул эле жылдын 27-майда өзүм барып,  Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда камакта жаткан Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Айбек Калиев, Сардор Абдрахманов, Бектурсун Айталиевдердер менен бирге эле А.Атамбаев менен да жолугуп сүйлөшкөм. Анда да А.Атамбаев  кан басымы кескин түшүп кайра көтөрүлүп жатканын айткан. Ошондой эле Биринчи май райондук жабык сотуна катышкам. Андан кийин ушул эле жылдын 18-июнунда  барып жолуктум. Мында да кармоо шарттарына нааразычылык жок экенин билдирген. Ал эми ден-соолугуна карата айтылган маселелер боюнча биз тараптан тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууларды өзүбүздүн сунуштар менен жибергенбиз жана өзүбүз тараптан дагы иш – чараларды уюштуруп жатабыз.

- Акыркы учурда бийликти сындагандардын көбүнө бийликти күч менен басып алуу аракети-деген берене менен иш козголуп келет. Бул боюнча пикириңизди билели дедик эле.

- Бул жөнүндө оозеки да, жазуу түрүндө да көп кайрылуулар болуп жатат. Ошол эле соцтармактар аркылуу да кайрылуулар болду. Азыр биздин юристтер тиешелүү мыйзамдарды карап, анализдеп жатат. Жыйынтык чыгарган соң, билдирүү кылабыз.

Арина Рысбаева, "Майдан. kg" гезити

 

Сөзүм бар!