Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

 1-августта Кыргызстанга «Тез Джет» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург – Бишкек багыты боюнча Россиядан 173 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке  ашырылган.

Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.