Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Кыргызстан мусулмандар диний Башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эрматов коронавирус илдетинен көз жумган маркумдарды түбөлүк жайына узатуудагы кармануучу шарттарды айтып берди. 

Ажы белгилегендей, акыркы сапарга узатуу зыйнатына мүмкүн болушунча аз адам катышуусу керек. Ошондой эле: 

-Катышкандар бет кап, кол кап кийип, колун антисептикалык каражаттар менен тез-тез тазалап туруусу зарыл;

-Башкалар менен кучакташып, кол алышып көрүшүүдөн качыңыз;

-Маркумду жууганга киргендерде сөзсүз кол кап, чүмбөт болуусу керек;

-Маркумду жууганга колдонулган чака жана чөмүчтү андан кийин хлор менен жууп, 5-6 саат күнгө кактоо зарыл;

-Эгер дарыгерлер сөөктү атайын коргоочу чүпүрөккө ороп берген болсо, аны ачып сууга алуунун кажети жок;

-Дарыгерлер сөөктү дароо мүрзөгө алып барса, жаназа ошол жактан окулат;

-Маркумду жерге бергенден кийин көрүстөндөн дароо кетүү керек, чогуу тамактанууга, намаз окууга болбойт;

-Жетилик, кырктык тар чөйрөдө, маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана өтүүгө тийиш.