Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 7
• Жалал-Абад облусунда – 2
• Ысык-Көл облусунда – 6
• Нарын облусунда – 2
• Баткен облусунда – 6
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти.
Ал эми бир суткада 13 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 56 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2743 учур катталды, алардын ичинен 1664 медкызматкер айыкты.