29-июлда Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканасына облустук штабдын чечими менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан бир тез жардам автоунаасы берилди.
Ак-Талаада дарыгерлердин жана тез жардам автоунаасынын жетишсиздиги көйгөйлүү маселелерден болуп келген.
Облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун тапшырмасы менен буга чейин аймактык ооруканага үч дарыгер жиберилген. Андан сырткары райондогу эпидемиологиялык абалды координациялоо үчүн облустук оорукананын дарыгери Талант Калдыбаев жиберилип иш алып барууда.
Мындан сырткары, Россиядан келген дарыгерлер райондогу эпидемиологиялык абалды көрүп методикалык жардам берип кетишти.