Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

- Калдарбек мырза, Саламаттык сактоо министри кызматына абалдан чыгарып кетет турган адис катары министрлик кызматка соцтармактарда сизди да сунуштап жатышат. Ал кызматка иштеп бер деген сунуш түшсө барат белеңиз?

- Сунуш түшсө  барам. Менин системаны кантип оңдоого өзүмдүн так, анык көз карашым, программам бар. Ошол максатты ишке ашырыш үчүн, медицинаны оңдоо үчүн тармактын жетекчилигине сунуш түшсө баш тартмак эмесмин. Бирок, бул бүгүнкү саясий системада жетпеген кыял, жомок. Себеби, мен эч кандай саясый топко кошулбайм, демек менин колдоочу, сүрөөчү күчтүү  саясатчыларым жок.

- Эпидемиологиялык абалда Саламаттыкты сактоо министрлигине кандай артыкчылыгы бар адам келиши керек деп ойлойсуз?

- Министр Кыргызстандын башкы врачы болуш керек. Ал эмне? Ал дегеним, системанын каржылоо, башкаруу системасын түшүнгөн, кадрларынын санына эле эмес сапатына кызыккан, келечекте тармакты үзгүлтүксүз өнүктүрүү боюнча өзүнүн конкреттүү   программасы бар врач жетекчи болушу керек. Ошондой эле патриот, духу күчтүү, жогорку жетекчилердин көзүнө тик караган адилеттүү да, авторитеттүү да уюштуруучу болушу керек. Министр менеджер болуш керек деген сөздү да айтып калышат. Чынында мен жогоруда айткан сапаттардын баары жөнөкөй менеджерден  да жогору, өтө жоопкерчиликтүү, баарында эле боло бербеген бийик сапаттар! Кыскасы, министр бул мамлекеттин башкы врачы болушу керек!

- Демек, министр көз карандысыз болгондо гана медицинадагы чиеленишкен абалды жолго салат экен да...

- Азыркы биздин шартта, жаңы кызматка келген министрдин  эртең эле медицинаны чиеленишкен оор абалдан алып чыгып кете турган,  иштеп кете турган конкреттүү программасы болуш керек. Ошондой эле министр көз каранды эмес билими, тажрыйбасы бар, духу күчтүү адам болуусу абзел. “Ляппай таксыр” же он жылдап эски күн карама системада иштеген, же заманбап терминдерди жаттап алып чет элдик долбоорлордун нанын жеп кыйкыргандан башканы билбеген, же Сокулуктан ары барбаган “модерн” жаш жетекчилердин же кабинетный диспетчерлердин кереги жок! Себеби, 30 жылдан бери миллиардаган акча чачылып, так ошолордун азабынан система өнүкпөй жатат! Азыр да алар Ак үйдү сагалап, президент, премьерге кандай жаксам деп жүрүшөт.

Чынайым Кутманалиева, “Майдан. kg” гезити