Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

- Уран мырза, айтылуу Атамбаевдин легендага айланган шопуру Икрамжан Илмиянов шайлоодо кайсы бир партияга кол-кабыш кылуу үчүн жатак абакка которулдубу?

- Чынында Илмиянов шайлоого деле таасир эте турган фигура эмес. Анын деңгээли –кадимки шопур. Тагыраагы, бул жигит өмүр бою шопур болгон. Кожоюну бийликке келгенде машинанын рулу менен мамлекетти башкаруу системасынын рулун билип билбей алмаштырып алган. Анткени, мамлекетти башкаруу системасынын бир колго топтолушу, бузулган, иштебеген административдик-аймактын түзүлүшү шопурлардын, эт саткан касапчылардын бийлике оңой-олтоң келишине жол ачып койгон. Негизи шопур сахнада өзүнүн ролун ойноп бүткөн. Бүгүн анын бары-жогу эч кимди кызыктырбайт.

- Азимжан Аскаров каза болду. Неге ал дарылануудан баш тарткан?

- Кыргыз элинин салты боюнча өлгөн киши жөнүндө жаман айтпайт. Бирок, анын өлүмү эки элдин ортосунда калуучу так болуп калды. Аскаровдун өлүмү менен сырткы күчтөр өз максаттарына жетишти. Чет элдик грант менен иштеген НПОлорго бул чоң сабак болуш керек. Алар он жылдан бери “Аскаров бошотулушу керек”- деп каякка гана кат жазып, кайсы гана эл аралык уюмдарга кайрылышкан жок.  Бирок, эч ким уккан жок. Эки элдин ортосуна от жакканда алар эч кимди укпайт. Болбосо алардын бир гана телефон чалуусу менен бүтө турган иш болчу. Анткени, алардын кишиси болгон Роза Отунбаева президент болчу. Эмне үчүн гейлердин укугу үчүн жан үрөп БУУга чейин кайрылган Роза  Отунбаева Аскаров үчүн жанын үрөгөн жок. Анткени кожоюндардан ошондой буйрук келген. “Унчукпай олтур” деген. Ошон үчүн Аскаровго кирише алган жок.

Негизи түштүктөгү коогалаңды сырткы күчтөр ойлоп чыгарган. 1991-жылкы окуялар дагы ошолордун сценарийи менен ишке ашкан. Сөзүм куру болбош үчүн биздин интернет сайттардан алынып салынган, бирок кавказ мамлекеттеринин сайтында жүргөн видео тууралуу айтайын. Ал видеодо Ош коогаланында орустун жалданган боевиги колго түшүп калган. Эки элге тең ок атканын мойнуна алган. Анан телевидениеге чыгып алып Бекназаров: “чет элдик боевиктер болгон эмес”- десе кишинин күлкүсү келет экен. Кыргыз-өзбек эли эми эсибизге келип, 21-кылымда өзгөрүп, жаңыча ой жүгүртүп, ынтымыкта эриш-аркак жашаганга, коңшу катары түшүнүшүп жашоонун  доору келгенин кабыл алышыбыз керек. Өзбек президентинин президенттик кызматка келер менен алгачкы кадамы кыргыз айылын оңдошу жөн жерден  болбосо керек. Бүгүн биздин коңшу мамлекеттер менен душман катары жашашыбыз азыркы мезгилдин, доллардын ээси болгон глобализациянын кожоюндарына гана керек. Кыргыз менен өзбек эли эч убакта душман болгон эмес. Биздин душмандыкка түрткөн уруш-чатактарды ойлоп чыгарган сырткы күчтөрдүн гана оюну. Бизди кайраштырып келе жаткандарына туура 159-жыл болду.

Арина Рыспаева, “Майдан. kg” гезити