Анын жыйынтыгы 27-июлда чыгарын “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочунун сөзүнө караганда, Аскаров жубайы Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилет.
“27-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине барып сүйлөшүп, Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга салабыз. Ал аялына”мен жаман болуп жатам. Эгерде өлүп калсам балдарым сөөгүмдү Өзбекстанда жерге берсин” деп айткан сөздөрү бар”,- деди Исмаилова.
Ал Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу кыргыз өкмөтү менен соттошо турганын, Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыбы далилденбеген дагы бир топ адамдар камалып отурганын кошумчалады.
2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.
Анын өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратты.
Бирок кыргыз коомчулугу өз кезегинде маркум А. Аскаров 2010-жылдагы кайгылуу Ош окуясына күнөөлүү экендигин айтып, далилдүү фактыларды келтирип келген.
“Майдан. kg” гезити