Печать
Категория: Коом
Просмотров: 308

Мындай маалыматты  27-июлда жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди. Маалыматыка ылайык, министр кызматтан кетүү тууралуу да арыз жазган.

“Ал азыр да пневмонияга байланыштуу ооруканада жаткандыгы такталууда. Абдикаримов Республикалык жугуштуу ооруулар клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сабиржан Абдикаримов мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев президент коронавируска каршы күрөшүүдө республикалык штабдын жана саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алгандан кийин саламаттык сактоо министринин кызматына дайындалган”,- деп айтылат жаңылыктарда.

Ал эми айрым ММКлар саламаттык сактоо министрлигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаева дайындалышы күтүлүп жаткандыгын билдиришүүдө.

Бирок саламаттык сактоо министрлиги же КРнын Өкмөтү С.Абдикаримовдун ооруп калгандыгы, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы же анын ордуна башка адам дайындалгандыгы тууралуу маалымат бере элек.

Ал эми кыргыз өкмөтү С.Абдикаримовдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты. Өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдиргендей, министр Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. “Ал ооруканадан чыкты. Учурда аралыктан иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ишке чыгат”,- деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

“Майдан. kg” гезити