Алпаруучу Назира Айтбекова маркум Чубак ажы ага күйөө издегенин айтат:
“Чубак Ажы раматылык мага далай күйөө издеди. Жакшы адамдын барын чактап, бактымды далай тилеген экен. Жаткан жери жайлуу болсун! Ыраазымын!
Кандай гана дин болбосун баарынын максаты адамдагы адамгерчиликти ойготуу эмеспи! Жөн эле ойлордогу ойлордун да жөнү бар. Ичимдеги адамгерчиликти, ичимдеги өзөгүмдү, өзүмдү издеп аткан учурдагы жазылган ойлор. Диндин таламын талашамбы аны бир Жараткан билет. Ал кандай буйрук кылса, дал ошондой болот. Эртеңки күнгө кепилдик болбогон соң айтыш кыйын. Жараткандын колундабыз.
Учурда жөн гана мендеги менди издөө менен алекмин”.
Булак: bars.media