Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Быйыл Кыргызстанда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата үгүттөө иштерин жүргүзүү үчүн массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Массалык иш-чараларга концерттер, спорттук иш-чаралар кирет.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Булак: govori.tv