Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Малдыбаев кызматынан бошоп, Бишкек шаардык мэриясынын аппаратына жетекчи болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Булак: reporter.kg