4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга массалык маалымат каражаттары жана интернет басылмалары аккредитацияга ээ болушту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 210 ММК жана интернет басылма: 57 телекомпания, 52 гезит-журнал, 26 радио жана 75 интернет басылма аккредитация алган.
Белгилей кетсек, БШК өзүнүн расмий веб-сайтында эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндөгү маалыматты 28-июлга чейин жарыялашы керек. Бирок, учурда бул мыйзамдын талабы аткарылган жок.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгүнүн эң маанилүү өзөгү болгон шайлоочулардын тизмеси даяр эместиги белгилүү болду. Тактап айтканда, мыйзамдын талабына ылайык участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын алдын ала тизмеси 26-июлда илинип турусу керек. Шайлоочулардын тизмеси эмес, жер-жерлерде участкалардын өзүнүн дайны жок экендиги маалым. Албетте, пандемия көп кыйынчылыктарды жаратууда, бирок ага карабай шайлоонун бардык этаптарында мыйзам күчүнүн өкүм сүрүшү талашсыз.
Шайлоо эрежелерин бузган саясий партияларга эскертүү берген БШК да мыйзамды бекем сактаса деген ойду айтмакбыз.
Булак: Элгезит