Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу менен байланыштуу экенин Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтияттын маалыматы боюнча, адатта Курман айтта амалдардын эң биричиси айт намазын окуу жана элге кайрылып, диний насааттарын айтуу, курмандык чалуунун жол-жобосун үйрөтүү, андан соң курмандык чалуу менен башталат.
«Бирок бул күндөрү жугуштуу COVID-19 тумоосунун тарап кетүү коркунучу жоюла элек болгондуктан коопсуздук үчүн Курман айт намазы окулбайт деген чечим кабыл алынды. Фатва китептеринде айтылган абалдар биздин учурдагы эпидемиялык абалыбызга окшоштугу болгондуктан өлкө боюнча эртең менен күн чыккандан соң саат 07:30дан кийин курмандыкты союуга уруксат берилет.
Курмандыкты 31-июль, 1-август жана 2- август күнү аср намазына чейин чалууга болот. Каалоочулар ушул көрсөтүлгөн күндөрдүн каалаган мезгилинде чалса болот», - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленет.
Булак: Баракелде