Аял депутаттар форумунун мүчөлөрү парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүгө кол топтоого аракеттенишкен. Бирок алар топтогон кол жетиштүү санга жеткен эмес.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Айсулуу Мамашеванын айтымында, кезексиз жыйын өткөрүүнү каалагандар "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү каалашкан, аны менен өкмөткө дары-дармек жана зарыл жабдыктарды ортомчу, алып-сатар фирмаларсыз өңдүрүүчүлөрдөн түз сатып алууга мүмкүнчүлүк беришмек.
Парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүгө 41 кол керек болгон, ал эми форумдун мүчөлөрү болгону 12 кол топтошкон.
"Андан кийин тема актуалдуулугун жоготту. Министрлер кабинети өзгөчө кырдаал режиминде товарды ортомчуларсыз сатып алууга өттү", - дейт Айсулуу Мамашева.
Буга чейин депутаттар Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаевдер спикерге кезексиз жыйынга чогулуп, бир катар маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алууну сунушташкан. Бирок алардын сунушу кабыл алынган эмес.