Медициналык мекемелердин жетекчилери ыктыярчылардан жардам алуудан баш тарта баштаганын соцтармактарга жазышууда. Алардын бири Айжан Чыныбаева бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Ыктыярчылардын айтымында, дарыгерлер СИЗ, тамак-аш жана башка жардамдарды албай калышты. Анткени алар ар бир алынган жардам үчүн жетекчилигинин алдында жооп берүүгө тийиш.
Ал турмак дарыгерлерди эгер ыктыярчылардан жардам алыша турган болсо жумуштан айдайбыз деп да коркутушкан. Мындан улам учурда медициналык кызматкерлер ыктыярчылардан жардам бербөөнү суранып башташты. Айтымдарга караганда, ыктыярчылардын жардамы мамлекеттин коронавирус менен күрөшүүдөгү аракетин экинчи орунга сүрүп жатыптыр.
Айжан Чыныбаева президентке кайрылуусунда мындай маалыматтарды айткан булактарын ачыктоодон чоочулап турганын, анткени анда медкызматкерлери жазаланып калышы мүмкүндүгүн белгилеген. Пандемия башталгандан бери алар кийин жаманатты болуп калуу үчүн медкызматкерлерге жардам беришпегенин, жардам берүү боюнча КР ТИМдин суранычы болгонун жана бул боюнча расмий жазышуу да бардыгын билдирген.
"Өз каражатыбызга СИЗ, дене табын өлчөөчү заманбап жабдык, кислород концентраторун, дары-дармек сатып алганбыз. А азыр олуттуу кризис өткөндөн кийин бизге аңчылык башталды", - деген ал учурда ыктыярчылар жеке пиара айыптала баштаганын кейүү менен белгилеген.