Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдирди.
Маалымат булагыбыз Абдикаримов эмне себептен министрлик кызматтан кетип жатканын ачыктаган жок.
Анын ордуна саламаттык сактоо министри болуп Милдеттүү камсыздандыруу фондунун жетекчиси Эльнура Боронбаева дайындалаары маалым болду.
Маалымат булагыбыз Боронбаеваны кызмат ордун куттуктап келгендер менен майрамдап отурган сүрөтүн дагы жиберди.
Бул тууралуу Өкмөт расмий маалымат тарата элек.
Булак: reporter.kg