Төрт баласын таштап кеткен КҮКҮК аталарды итке салып бериш керек! Эркегиң деле бузулса жаман окшойт деп калдым. Катындын азап-тозогуна чыдабасаң эмнеге үйлөнөсүң? Арман дүйнө, барган сайын эркектик касиеттен кетип баратабыз. Эркек намыстан тайса иштин өлгөнү ошол экен. Катыныңдын ар намысын, абийирин коргой албасак башка калпак кийип, "КЫРГЫЗСТАН" деген жазуусу бар футболка кийгенибиз бир тыйын. Эркек дипломат болбосо, билимсиз болсо, жок дегенде динден түшүнүгү болбосо андай үй-бүлө көпкө узабайт экен. Ажырашкан эле эркектин көзүнөн алсыздык байкалат экен. Бирдеме десең эле "аялым мындай" дешет, анын аялы эле жоктон чыккансып башкалардын аялы периште болуп кеткен жери жок да. Ажырашпай жашап аткан эркектер деле урушат, чыны сынат, башка болот. Бирок алар кырдаалды жөндөп кете алат. Кечире билет, аялын калп айтпай алдай алат. Жок дебейт. Негизи уруштун баары жок дегенден келип чыгат. Маршруткага түшсөң байкуш аялдар асылып туруп баратышат. Артта төрт эркек үргүлөп уктап келаткан болот. Кыздарыбыз анан кантип ит жеген кытайга тийбесин? Тийет! Себеби бизде сый-урмат деген нөл. Негизи өзү кайсыл эркектин аялы чытыратып шым кийсе эле өлдү анда. Андай эркегинин көкүрөгүндө мандем, жарат бар. Кызганбайт, аялын коргой албайт дегендик. Кээде ойлонуп, муногу отузга чыгып үйлөнбөй жүргөн эркектерди урматтап кетем. Себеби булар билет катын алса бир үй-бүлөнү тартып кете албасын. Келбейби демек туура кылышат. Эмне кереги бар жыйырмада үйлөнүп, отузга чыкканда төрт баласы менен көчөгө чыгарып койгондун. Ал эми Орусияга барып кор болуп иштеп, тепселенип күйөсүнө, атасына акча салган аялдар тууралуу сөз кылгым келбейт. Андай эркектерди биттетип туруп төө кайтартыш керек. Баса, биз пандемия учурунда Ассолду, Анжеликаны бекер эле жаман көрдүк. Кептин баары эркектерде. Ассолдун сырттан жардам сураганына, Айтбекованын тетири карап калганына деле эркектер күнөөлүү. Эркек эч качан аялдарды күнөөлөгөнгө, догун артканга акысы жок. Аял өзү дайыма эркектин жылуулугуна, тарбиясына муктаж. Ушундай...
Бегжан Шыгаев