Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагулов абактагы жазасын 2022-жылы өтөп бүтөт. Ошондуктан август айында эркиндикке чыгат деген кептер чындыкка дал келбейт.

“Дөө Чыңгыз” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов бир нече адам менен биргеликте 2 адамды сабап өлтүргөн деп айыпталып абакта отурат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны бул кылмышы үчүн 5 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым адамдар аны күзүндө болчу парламенттик шайлоого карата август айында эркиндикке чыгып, бийликтин партиясын колдойт экен деп айтышкан.

Булак: reporter.kg