Печать
Категория: Коом
Просмотров: 412

 

Фейсбукта Jash Kg аттуу колдонуучу билдирүү калтырды:

"Эл эмне менен алек болуп жатат да, парламенттен кресло көздөгөндөрдүн каалганы эмне болууда. Парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу керек, илдеттин тамыры кыркылмайынча шайлоону өткөрүү туура эмес деген кыйкырыктардын коштоосунда айрымдар эрте эле үгүт иштерин баштап алганы маалым болду.  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Баткен шаарынын мэри Мамыр Рахимов, Баткен районунун мурунку акими, учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин облустагы өкүлү Кеңеш Салихов   илдеттин курчуп турганына карабай эки күндөн бери районду кыдырып, шайлоого байланыштуу өз маселелерин чечип жүргөнү айтылууда. Жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, алар шайлоодо добуш алууга аракетти эмитеден баштап алышкан имиш.

Белгилей кетсек, аталган үчөө тең бийлик  колдоп, таяп-сүрөп жаткан бир партиянын тизмесине жазылышып,  шайлоого аттануу алдында турушат. Булардын аракети толугу менен мыйзам бузуу. Биринчиден, алар мамлекеттик кызматкерлер. Ал эми шайлоо тууралуу мыйзамда: “Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жаатынын кызматкерлери, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, соттор, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар,  жарандыгы жок адамдар  шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуксуз” деп ташка тамга баскандай жазылып турат. Демек, учурда мамлекеттик кызматтагы бараандуу орунду ээлеген бул үчөө  өз кызыкчылыгы үчүн иштөөгө укуксуз. Негизи шайлоого талапкер болгон мамлекеттик кызматкерлер кызмат орунун тапшырууга тийиш. Ал эми булар  парламентке бет алууну чечишкени менен азырынча креслосунан баш тартууну  ойлонуша элек.

Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясынын 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого карата кабыл алган эрежесине ылайык, үгүт иштери 4-сентябрдан башталып, 3-октябрь, саат 08.00гө чейин уланат. Үгүт иштерине жашыл жарык расмий жарыяланганга чейин үгүттөөгө кире турган ар бир аракет мыйзамсыз. Мыйзам менен эсептешип койбогон жогоруда аты аталган мамлекеттик кызматкерлердин өз мыйзамы барбы?  БШК эмнеге мындай аракеттерге мониторинг жасабайт, же бийлик колдогон партиянын катарынан аттангандардын ар бир кылыгы, ал мыйзамдуу – мыйзамсызбы, кечиримдүүбү?"