4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо шайлоочу каттоосуна карабай каалаган шайлоо аймагында добуш бере алат. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Абдыжапар Бегматов билдирди.
Ал белгилегендей, шайлоого 15 күн калганда шайлоочу аймактык шайлоо комиссиясына барып, №2 формасындагы арыз жазышы керек. Ал ошол аймактын тизмесине кирип, добуш бере алат.
Мисалы, жарандын каттоосу Бишкек шаарында болсо, а бирок шайлоо күнү Ош шаарына барууга туура келсе, анда алдын ала аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыла алат.
Учурда шайлоочулардын алдын ала алынган тизмеси түзүлдү. Ага ылайык 3 миллион 429 жаран шайлоодо добуш берет.