Мамлекеттик коомдук-саясий ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаевди кепке тартып, элди каптаган илдет жана кытайлырдын ыкмалары тууралуу баарлаштык.
- Азат мырза, коронавирус элдин, мамлекеттин шаштысын кетирди. Күрөшүп жатабыз деген менен өлүм житим да көп болуп кетти. Элди торуган илдет менен кантип күрөшсөк, өлүмдү кантип токтотобуз?
- Ооба, тилекке каршы коронавирус илдети акыркы күндөрү күчөп, илдеттен айыга албай каза болгондордун саны көбөйгөнү жүрөктү оорутпай койбойт. Эгер буга чейин коронавирус диагнозу эле коюлуп жатса, акыркы 2-3 аптада пневмония дарты, айрыкча адаттан тышкары өпкөнү каккан күчтүү түрү жайылып, каза болгондордун көбөйүшүнө түрткү болуп, абалды андан бетер оорлотту. Короноавирус Кытайда биринчи жолу катталгандан бери, илдеттин жайылышын байкап, саресеп кылып келе жаткан жаран катары айтсам, азыркы биздеги жана Казакстанда жайдын саратанында өзгөчө күч алган пневмония деген илдет COVID-19 коронавирус менен тикелей байланышкан же өөрчүшүп кеткен формасы. Муну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, биздеги коронавирус менен алдыңкы фронтто “кызыл зоналарда” күрөшүп жаткан медиктерибиз да айтып жатышат.
Илдетти токтотууну айтсак, менимче анын башатын аныктап таап, албетте бир эле жерде болбойт, ошого карабай локациялап, очокторун таап, мындан нары жайылтпай алдын алган маанилүү. Бирок, бул абдан кыйын, эң татаал, себеби азыр күйүп жаткан очоктордо Бишкек, Ош шаарларында, Чүйдө жайылып кетип, башаттарын басып койгонго адам ресурсу, тесттер чектелүү, негизгиси убакыт да тартыш болууда. “Болоору болду, боёсу канды” демекчи, эми комплекстүү иш-чараларды көрүп, жайылып кеткендин кесепеттерин жоюуга, санитардык нормаларды күчөтүп, керек болсо катаалдатып, илдет жугузгандардын өмүрлөрүн сактап калууга, өлүмдүн санын кыскартууга болгон аракетти жумшаш керек.
- Илдет чектен чыгып, аны менен күрөшүүгө кеч болуп калган жокпу?
- Менимче бул темпти ооздуктоого, көзөмөлгө алууга өтө кеч болуп, чектен ашып кеткен жок. Ал үчүн ушул кыйын күндөрү эң оболу мамлекеттик кызмат системасы, негизи элибиз да обочолонуп сыртта туруп калбай, баарыбыз болуп көрбөгөндөй мобилизация болушубуз абзел. Себеби, кырдаал согуштагыдай эле болуп жатат, айырмасы тилсиз, көрүнбөгөн күчтүү жоо менен күрөшүп жатабыз. Кыргызстан эгемендик алганы мындай сыноону баштан өткөзгөн эмес. Мамлекеттик кызмат системасы дегеним, көп тармактуу тиешелүү органдар: Саламаттык сактоо тармагы азыркы тенденцияга жараша, илдеттин жаңы өзгөрүп, пневмонияга айланып жаткан кырдаалга жараша дарылоо алгоритмдерин так аныкташы шарт. Ошондой эле болгон медиктерди, жардамга тартылган ыктыярчыларды, ооругандарды жайгаштыруучу керебет-орундарды, дары дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды, медициналык техникаларды рационалдуу бөлүштүрүшү керек. Тагыраагы, бул жагынан көрүнүп турган жетишпестиктерди, таңкыстыктарды жоюу боюнча өкмөтүбүз, Каржы министрлиги, чет өлкөлөр менен тикелей жана тыгыз байланыша алчу Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтерибиз алгылыктуу, эффективдүү аракеттерин көрсөтүшү зарыл. Санитардык жана укук коргоочу органдарыбыз бул багытта да чечкиндүү чараларды көрүшүп, илдет менен күрөшүүнү күчөтүшү керек. Анан да биз өзүбүз, элибиз тиешелүү органдар берген тескемелерди аткарып, санитардык-карантиндик нормаларды, изоляциялык, социалдык аралыкты сактап, жоопкерчиликтүү болсок, кайдыгер болбосок, эртеңкибиз жаркын болушуна, эпидемиялык кырдаалды тезирээк оңдоп кеткенге шарт түзөт элек.
Дагы бир маанилүү нерсе, кыйын кырдаалда, көптөгөн атуу-баштуу, кадырлуу инсандарыбыздан айрылып каңырыгыбыз түтөп турган кезде кыйсыпыр болбой, дүрбөлөңгө түшпөй, муунубуз бошошпой, башыбызды салбай, духубузду өчүрбөй, чыйралып түгөнгөндө түтөгөн кыргыз, кырылганда күчөгөн кыргыз дегенге тете болсок жакшы болот эле.
Элден айланса болот, мындай кезеңде граждандык коомдун, элдин арасынан уул-кыздары чыгып оңбогондой жардамдарын берип, ата-журттун дартын татып, оорчулугун моюндарына алып жаткан учурларды санап бүтө албайсың.
- Ушундай оор кырдаалда четте карап турбай, кыргыздын уулу катары сиз да кол кабыш кылып, жардамыңызды аяган жоксуз. Соопчулук кылып кол-кабыш кылып жатасызбы же карап турууга абийириңиз жол берген жокпу?
-Мен үчүн Кыргызстан башынан пандемияны өткөзүп жаткан учурда бир таасирленткен жагдай – бул элибиздин уучу куру эместиги, кыйын кезеңде уул-кыздарынын мекенине болгон патриоттук сезимдерин ар кайсы жолдор менен массалык түрдө көрсөткөндүгү болду. Илдет башталгандан бери көптөгөн адамдар демөөрчүлүк кылып, акчалай өкмөткө же тикелей муктаж мекемелерге каражаттарын бөлүп, тамак-аш же дезинфекциялык-санитардык каражаттарын алып берип, кай-бирлери ыктыярчы болуп ошолорду жеткизишип берип, айтор колунан келгенин аябай чын жүрөктөн жардамын көрсөтүп жатышты. Мындай учурда, элиң-жериң кыйынчылык тартып турганын көрүп, колумдан келип, мүмкүнчүлүк болуп турганда кайдыгер карап жөн туралбадым.
Оболу таажы ылаңы жашы улгайгандарга залакасы катуу тийгендиктен Бишкектеги карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин үйүнө беткап, коргонуучу костюмдар, дезинфекциялоочу каражаттарды бердим. Жигиттин үч журту болот дегендей, ата журтум Чоң-Алай, тага журтум Чаткал бийик тоолуу, алыскы жана чегара райондор болгонун эске алып, аталган жерлерге ылаң илдети менен күрөшүү үчүн дезинфекциялык-санитардык каражаттарды, дарыгерлерге коргонуучу каражаттарды алып, жеткизип бердим. Илдеттин башталган учурунда айрыкча дарыгерлерибизге жекече коргонуу каражаттары – медициналык бет каптар, комбинезондор аба менен суудай керек болсо да, жетишпей жатканы кендирди кескен орчундуу маселе болду. Азыркы күнгө чейин көптөгөн чегара пункттарыбыз жабык бойдон турууда, жол, аба каттамдар токтогон жагдайда коргонуучу каражаттарды таап, алып келүү да оңой эмес болууда. Ошентсе да, Кытайдагы өнөктөштөрүмдүн көмөктөшүүсүндө мекенибизге 14 000 даана беткап-респиратор алып келип, илдеттин очогуна айланган ооруканаларга (Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Сузак, Ноокат, Каракол, Чолпон-Ата) жеткиздирдим. Пандемия учурунда массалык маалымат каражаттарынын коомчулукту маалымдоо боюнча эмгегин эске алып анын өкүлдөрүнө да беткаптар таркатылды. Азыр дагы Кыргызстанга кычкылтек концентратор, пульсиксометр шаймандары менен камсыздоо, дарыгерлерге тамак-аш уюштуруу жагынан кол-кабыш кылып жатам.
- Айрымдар Кыргызстандагы абалды дүйнө жүзүндө болуп жаткан жагдайдан бөлүп кароо мүмкүн эмес экенин айтышууда. Бирок, ошол эле учурда өкмөттүн шалаакылыгы, бийликтин жөндөмсүздүгү катары да карагандар жок эмес. Сиздин баамыңызда бул көрүнүш апаатбы же өкмөттүн шалаакылыгыбы?
- Арийне бул кырдаалды апаат десек жарашат. Себеби, акыйкат үчүн айтыш керек, бул акыбал биздин өлкөдө гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алды. Мындай оор сыноону жетишкен, күч-кубаттуу мамлекеттер: Европада, АКШ, Россия, алыс кетпей кошуналарыбыз дале башынан өткөзүп жатышат, акыр аягына чыга элек. Бирок, коронавирус илдети менен салыштырмалуу ийгиликтүү күрөшүп, көзөмөлгө алган мамлекеттер да жок эмес: Кытай, Түштүк Корея, Япония, Сингапур, Грузия. Бир беткей шалаакылык дегенге жатпаса керек, өкмөтүбүз, тиешелүү органдар илдет башталганга чейин даярдыктарды көрө баштады, колдон келген аракеттерди, иш-чараларды алып барып жатат. Бул илдет баарына бейтааныш, мурда болуп көрбөгөн, өтө жугуштуу, митайым, кубаттуу экен. Ушул себептерден ага туура позицияны, таамай, эффективдүү чараларды аныктап, туруштук берүү оңойго турбай жатат. Ачыктап айтсак, жетишпестиктер да орун алып жатканы байкалбай койбойт.
- Сиз айтып кеткен Кытайда кантип күрөшүп, айыгышыптыр? Сырын сурадыңызбы?
-Мен мурдакы дипломат катары, деги эле Кытай таануучу катары, бул коронавирус илдети пайда болгондон баштап көз салып, мүмкүн болушунча тыкыр изилдеп турганга аракет кылам. Албетте, илдет жаңы пайда болуп жайылып кеткен алгачкы күндөрү Кытайда да кандай реакция кылуу керек, кантип, кайсы дары-дармек менен дарылаш керек, калкты кантип массалык жугузуудан сакташ керек деген суроолорго заматта эле даяр жооптор чыга келген жок. Аябагандай кыйынчылык, талбаган эмгек, жана бекем тартип менен туруштук бералышты. Бул жалпылап айтканда.
Кытайдын бул апаатка айланган оору менен күрөшүү стратегиясы “4 эрте” деген принциптерге таянды. Биринчиси, эрте аныктоо: бул тездик менен илдеттин очогун, пайда болгон жерди аныктап-тактоо; экинчиси, эрте кабарлоо: очогун аныктагандан кийин жашырбай тезирээк туура кабарлоо, так санына чыгуу; үчүнчүсү, эрте изоляциалоо: оорууларды тезирээк акыбалына жараша “сортировка” (бөлүштүрүп) кылып обочолондуруу; төртүнчүсү, эрте даарылоо: бул оорулууну убакыттан уттурбай тезирээк дарылоого өтүү. Тереңирээк дагы деталдаштырсак ушул негизги принциптер менен кошо Кытайда бийлик, тиешелүү мекемелер 10 багытта иш алып барышты. Булар:
1. Илдеттин очогу болгон, башаты деп эсептелген жерлерде болушунча массалык тестирлөө жана бул жумушта жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин катуу тескөө.
2. Илдеттин очогун, башатын тыкыр изилдеп аныктоо, көзөмөлгө алуу.
3. Өлкөнүн негизги транспорттук коммуникацияларын, стратегиялык жолдорду, чыгуу-кирүүлөрдү катуу көзөмөлдөө, күмөндүү ооруларды текшерүү, табуу.
4. Эрте изоляциялоо, ал үчүн дарылоочу жайларды алдына ала даярдап коюу, күмөндүү ооруларды өзгөчө, обочолонтуп кармоо.
5. Оруу жугузган адам менен тыгыз мамиледегилерди, жакындарын көзөмөлдөө, очок болгон жерди толук жабуу же катуу карантинге алуу.
6. Медициналык каражаттарды, дары-дармектерди, тез жардам машинелерди, айрыкча дем алдыруучу каражаттары бар машинелерди, жекече коргонуучу каражаттарды (СИЗ) жетишээрлик болушун кепилдике алуу, дезинфекция иштерин аткаруу.
7. Маданий объекттерди, парктарды, көңүл ачуучу жайларды жабуу, диний иш-чараларды убактылуу токтотуу.
8. Саясий, маданий, спорттук массалык иш-чараларды токтотуу.
9. Базарларды, соода борборлорун, ири соода түйүндөрдү, мал-жандыктарды сатуу, союш пункттарын жабуу.
10. Пропаганда, агитация жолу менен калкка ачык айкын маалыматтарды берүү, санитардык жол-жоболорду, нормаларды жетиштүү маалымдоо, жалган маалыматтарды, фейктерди, дүрбөлөңгө салуучу маалыматтарды чыгартпоо, таркаткандарга катаал чараларды көрүү.
Булардан тышкары Кытайда илдетти көзөмөлгө алууда заманбап, инновациялык санариптик технологиялар ойлоп табылып, кеңири колдонулду.
Илдеттин учурунда калктын ден соолугуна пайдалуу, илдетке туруштук берүү үчүн кандай тамактануу боюнча дагы көптөгөн илимий пикирлер, сунуштар да байма-бай чыгып жатты. Мисалы, Кытайдын илдеттер боюнча эң эле абройлуу адиси, башкы эпидемиологу Чжун Наншань жана башка дем алуу органдары боюнча адистер мындай пикирлерин билдиришти. Тамактанууда абдан майлуу, ачуу, туздуу тамактардан алыс болуу, а көрөкчө иммунитетти көтөрүү үчүн витаминдүү, белок көп тамактарды тандоо, жашылча-жемиштерге басым жасоо, айрыкча С витамини көп гилас, киви, апельсин, алма, банан, шпинат, капуста, броколли, сабиз, соя, белоктор көп жумуртка, балык эти, сүт, эт азыктары: бирок эт жетишээрлик кайнатылган, жакшы бышкан. Суюктукту жетиштүү ичип туруш керектигин, өзгөчө таза суу, ыссык чайдын пайдалуу экенин белгилешти. Албетте туура тамактануудан тышкары физикалык көнүгүүлөргө да көңүл буруш керек, узак убакытка отуруу, жатуу болбойт.
Албетте, айтпай кетпесе болбойт, Кытайдын илдетти көзөмөлгө алып, жеңишке жетишкенинин бирден бир себеби элинин, коомунун эн жогорку ички мобилизациясы, тартиптүү, чыдамдуу болушу, санитардык нормаларды, бул багыттагы бийликтин тиешелүү тескемелерин кыңк этпестен өз ыктыяры менен аткаруусу. Бирок мамлекет да ошого жараша өз жарандарын камкордугунан чыгарбай, үйлөрүндө чыкканга шарты жок камалып жаткандарга аскерлерин, ыктыярчыларды уюштуруп тамак-ашын үймө-үй жеткизип жатты. Мамлекетке, элге жардам берүүдө жеке ишканалар, ири компаниялар, бай адамдар да оңбогондой акча каражаттарын кайрымдуулукка берип жатты. Бул жагынан алганда мамлекет менен жарандарынын, элинин ортосунда гармония болду десем болот. Ушул жерде Кыргызстаныбыздын өзгөчөлүгүн айта кетсем, бизде ири ишкана, компаниялар, бай адамдарга караганда карапайым эл, жарандардын кайрымдуулугу, жардамдары, айрыкча жаш муундун соопчулук аракеттери басымдуу болгону кубандырбай да, ойлондурбай да койбойт.
Булак: "Майдан.kg" газетасы