Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

ИИМдин Медицина башкармалыгы жана бардык дарыгерлери милиция кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлердин саламаттыгын чыңдоо жана дарылоо багытында бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын ИИМдин госпиталынын башчысы, ички кызматтын капитаны Индира Абдыгулова билдирди.

Министр Кашкар Джунушалиев ИИМге тиешелүү госпиталга, Бишкек ШИИББнын спорттук залында уюштурулган күндүзгү стационарга жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын (ички аскерлер) эс алуу жана ден соолукту чындоо борборунун базасында күнү-түнү иштеп жаткан стационардын абалын, ден соолугуна байланыштуу кайрылып жаткан милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин акыбалы менен таанышып, аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдардан кабар алды. Министр керектүү медициналык-санитардык талаптарды аткаруу менен палаталарды карап чыкты.
Индира Абдыгулованын айтымында, ИИМдин госпиталында, поликлинкасында жана ИИМге тийешелүү медициналык жайларда жардам көрсөтүү толук кандуу жүрүүдө, бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатат, ошондой эле бүгүнкү күндө профилактикалык, карантиндик иш-чаралар жүрүүдө. Бардык дарыгерлер өзүн өзү коргонуу каражаттары менен ошондой эле тишелүү денгээлде дары-дармектер менен да камсыз болууда. 
ИИМ министри К.Джунушалиев: “Мен дарыгерлердин аскердик режимде иштеп жаткандыгын жакшы билемин. Сиздер кесипкөй патриоттук мамилеңер жана эр жүрөктүүлүгүңөр менен өзүңөрдүн ден соолугуңардын коркунучуна карабай биздин кызматкерлерге көрүп жаткан камкордугуңарды баалаймын жана ыразычылык билдиремин. Учурдагы илдет менен күрөшүүдө сиздердин ордуңуздарды эч ким алмаштыра албайт, сиздердин эрдик ишиңиздер баа жеткис”,- деди министр өз сөзүндө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: "Майдан.kg" газетасы