Карантин башталгандан бери эл камын көрүп, аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берип келаткан Эрнест Бөрүбаев 21-июлда президенттин ыктыярчылар менен жолугушуусуна чакырылган эмес. Ал менен кошо "Апам жана мен" кайрымдуулук фондунун өкүлү, ырчы Алтынай Нарбаева да катардан сырт калган.
Коомчулук аталган эки инсандын жолугушууга барбай калганын оор кабыл алды. Алар чыныгы ыктыярчылардын барбай, пиар же кайсы бир максатты көздөргөндөр барганына нааразы болушууда.
Эрнест Бөрүбаев бул тууралуу: "Президенттин эмес, Жараткандын тизмесинен чийилип калгандан сактасын! Тизмени түзгөндөр бизди тааныбаса керек. Бирок биз барсак чыныгы көйгөйлөрдү айтмакпыз", - деп жазды.