Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары — 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. 1 айга камакка алынды.

19-июлда саат 23:00 чамасында Аламүдүн РИИБге Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган жараны Ш.С. арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар аны себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.

Шектүүлөр колго түшүп, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча катталган.

Жабыркагандардын арасында Аббас Али Шах да бар. Ал Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган күндүзгү стационарда иштеп, коронавирус жана пневмониянын симптомдору менен кайрылган бейтаптарга жардам көрсөтүп жаткан.

Булак: Баракелде