Печать
Категория: Коом
Просмотров: 554

(Элдин ыйынан төңкөрүш жасагысы келгендер жөнүндө) 

COVID-19 Кыргызстанда көп нерсени ачыкка чыгарып, кимдин  ким экендиктерин, өлкөбүздүн айрым тармактарынын абалын,  бийликтин капыстан келген сыноолорго канчалык деңгээлде  даярдыгын көрсөттү. Ошону менен бирге  гезитибиздин өткөн  санында жазгандай, коронавирус жалпы эл үчүн тозок болсо, бийлик үчүн сыноо, ал эми койнунда котур таштары, арам ойлору бар айрымдар үчүн саясий ызы-чууларды көбөйткөнгө, кырдаалга ылайык келбеген демарштарды жасоого түрткү  болууда. Оор абалдан пайдаланып,  элди дүрбөтүп, бийликтин айласын кетирип, өздөрүнүн максаттарына жетүүнү көздөгөн күчтөр, саясатчылар бар, аларды жакшы билесиздер. Алар өздөрүнүн чыныгы инсандык обликтерин, адамдык сапаттарын көрсөтүшүүдө. Бул жагынан илдет кимдин ким экендигин көрсөтүүчү  күзгү  болууда.

Жетекчилер тыным дегенди билишпей, жакшылап уйку бетин көрбөй дартка чалдыккандардын өмүрлөрү үчүн күрөшүп жатышса, айрымдар ичтеринен табалашып, кара пиарга айландырышууда.  «Максатка жетүү үчүн бардык каражаттарды колдонсо боло берет» деген принципти кармангандар элдин ыйынан, кайгысынан, өлкөнү каптаган апааттан өздөрүнө утуш, дивиденд алууга жан үрөп жатышат. Тилекке каршы, пандемия өлкөдө саясий абалды дестабилдештирип, атүгүл төңкөрүш жасоону  көксөгөн, бийликти кулатууну эңсеген күчтөрдүн бар экенин көрсөтүүдө. Аларга азыркыдай оор абал майдай жагып, өз максаттарына пайдаланууга жан үрөшүүдө. Абалдын тереңдегени  чырактарына май тамызып, көктөн издегендери жерден табылгандай эле колдорун ушалап турушкан чактары…

Айтылуу шойкомдуу айымдын кезексиз демаршы

Пандемиялык оор абал «чээндегилердин»  бир топторун ойготконго түрткү болду. Президентти, аткаруу бийлигин сынга алуу менен элдин, коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурдурганга жан талашууда.  Өткөн жумада андайлардын катарын айтылуу Раушан Айткулова (Качиева) толуктады. Ал президентке кайрылып, кызматтан кетүүсүн талап кылды, аны менен тим болбой илдеттин жайылуусуна байланыштуу президентке чара көрүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул көп жылдардан бери башы ызы чуулардан чыкпай, бир нече жолу камалып да чыккан айымды көпчүлүк жакшы билет. Алгач өткөнүнө кыскача токтоло кетели.  

Бүгүн бул айым белгилүү жактоочу Икрамидин Айткуловдун жубайы. Ага чейин Рыкунова деген фамилия менен белгилүү болчу. Ага кезинlе документтерди жасагандыгы, алдамчылыгы, «Альфа Телеком» компаниясынан 30 млн. сомду кымырып алгандыгы, Биринчи Май райондук сотун коркуткандыгы жөнүндө  айыптар менен   соттолгон. 2011-жылдын июнунда кармалып, 2012-жылы 9 жылга эркинен ажыратылган. №2  абакта жаза мөөнөтүп өтөп жүргөн жеринен эмнегедир  мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Биз мында Раушан Айткулованын акыркы сот иштерине гана токтолдук. Ал Качиева болуп  жүргөндө Бишкектин ошол убактагы мэри Б. Силаевди ондогон миң долларга «отургузуп» кеткени да убагында ЖМКларга чыккан. Ага  чейин бир канча жолу алдамчылык беренелери менен соттолгону бар. Алардын баарын айтып олтурса,  гезит бети чак келбейт.

Мына ушул  шойкомдуу, өзү айтмакер болгону менен  көптөн бери маалыматтык талаадан жоголуп кеткен айым  президент  коррупцияга, бийликти узурпациялап алууга, илдеттин жайылуусу ж.б. айыптап, президентке импичмент жарыялаганын билдирип, кызматтан кетүүсүн талап кылган Кайрылуусун  таратты. Мурдагы алдамчылык беренелери менен айыпталып, абакта отуруп да чыккан, жүргөн жери шойкомдуу адамдын президентке акыл айтып, айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылууга укугу барбы?  Адам башка бирөөгө сын тага турган болсо, жок дегенде өзүнүн эн салгыдай жери таза болушу керек. Эми анын Кайрылуусунда айткандарына токтолсок. 

Социалдык тармактарда ал Кайрылуусунда  саясий максатты көздөгөнүн айыптап жазышкандар көп болду. Раушан Айткулова андай доолорго актанып, эч кандай саясат жоктугун, жөн гана өлкөдөгү абалга чыдап тура албай, чындыкты айтып, талап кылганын жазды. Эгерде чындап эле калыс сүйлөп,  чындыкты айтса,  унчукмак эмеспиз. Бирок Кайрылуу бир тараптуу айыптоо, каралоо  маанайында болуп, чындыктан алыс экенин белгилей кетели. Дегенибиз, Раушан айым «Сиз бийликти узурпациялап алып, болуп жаткан окуяларга жоопкерчиликти мурдагы санаалаш, соратниктериңизге көңтөрүп жатасыз» деп жазыптыр. Бирок калыстык үчүн айталы, Бакиев, Атамбаевден айырмаланып,  бүгүнкү президент өлкөдөгү болуп жаткан саясий, экономикалык процесстер, кемчиликтер үчүн  эч качан өзүнөн мурдагы президентти күнөөлөгөн жок. Эсибизде, Бакиев Акаевди күнөөлөгөндү  жакшы көрсө, Атамбаев үчүн жадатма идея болчу. Ошол үчүн Атамбаев аба ырайы бузулса деле ал үчүн Бакиевди айыптай берет деген сөздөр айтылчу. Алардан айырмаланып Жээнбеков эч кимди сындабай, айыптабай эле бардык жоопкерчиликти өзүнө алып өз ишин кылып келатат. Бул өңүттөн алганда, Айткулованын айыптоосунан ынандырарлык бир нерсе таба албайсың.  

Андан ары «сизди бийликке алып келген адамдар бүгүн абакта отурушат, сиз мурдагы досторунузду жана соратниктериңизди түрмөгө  отургузуп салдыңыз» дептир.  Раушан айым чындыкты айткысы келген болсо, эмнеге мурдагы достору, соратниктери «кылымдан аферасы» атка конгон Бишкек ЖЭБин, Тарых музейин оңдоп түздөөдөгү ири коррупция, кримлөктү мыйзамсыз бошотуу,  Кой-Ташта  жатып алып бийликке каршы ок чыгаруу сыяктуу  кылмыштары үчүн олтурушканын, Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдө досун да аябай, баарынан элдин кызыкчылыгын жогору койгонун калыстык  үчүн айтпайт? Раушан айымдын логикасы боюнча, Жээнбеков ири коррупциялык иштерди көрүп, билип туруп, досум экен деп көз жумуп, аларга табакташ болуп алып жүрө бериши керек беле? Же ошол мурдагы досунун убагында мөөнөтүнөн мурда  абактан чыккан Раушан айым алардын камчысын чаап, буюртмасын аткарып аткан кербезиби? Минтип ойлогонго  да жүйө бар. Кээ бир чоң саясий күчтөр өз максаттарына жетүү үчүн Раушан айымга окшогондорду пайдаланышары кыргыз саясатында боло келген көрүнүштөрдөн. 

Президенттин пандемияга байланыштуу элге жасаган акыркы кайрылуусу боюнча да айтыптыр. «Бүгүнкү абалга байланыштуу эл Сизден азыркы атмосферадан, хаос жана коркунучтан чыгууга программаңызды сунуштайт деп күтүп аткан. Бирок сиз анын ордуна элди  сооротуп, кайрат айтып, бир болууга чакырдыңыз» деди. Раушан Айткулованын оюнча, президент кандай программа сунушташы керек эле? Бүгүнкү күндө пандемиядан чыгуунун, илдетти жеңүүнүн бир  гана жолу – биримдик, ынтымак, сабырдуулук, илдеттен сактануунун эрежелерин так аткаруу, ар бир жарандын жоопкерчиликте болуусу  экенин билбейби?  Бизде андан  башка жол жок.  Миллиондогон каражаттарды жумшап, кескин чараларды көрүүгө, же карантиндик режимди киргизүүгө бюджетибиздин чама чаркы чак  келбейт. Бийликти сындап, айыптоодо популизмдик жараша берет. Бирок элдин, мамлекеттин тагдырына  келгенде антип  айткан туура эмес,  «жуурканыңа карап бутуңу сун» демекчи, реалдуулук, экономикалык жагдай  менен эсептешип иш кылуу зарыл. Экономикалык саясий популизмдин келечеги болбойт. Мындай учурда ар кандай  демөөрчүлөр, ыктыярчылар, бизнес өкүлдөрү эч кандай саясаты жок эле кыйналган элге колдон келген жардамдарын беришүүдө.  

Жарандардын президентке кайрылып, сын айтып сунуштарын берүүсү кылмыш эмес. Эгерде конструктивдүү сын, факты, далилдерге таянган айыптоо болсо, анда маселе жок. Бизде  сөз, ой эркиндиги бар, ар бир жарандын пикирин, көз карашын билдирүүгө укугу бар. Бирок алдамчылык беренелер менен айыпталган кылмышкердин, жүргөн жери чуулуу, баскан жери шойкомдуу адамдын президентти айыптап, ага импичмент жарыялагаш керек дегенине кандай баа берүүгө болот? Биз  эмне, мурдагы түрмөчү, кылмышкерлер  акыл үйрөткөн абалга келдикпи? 

Чындап келгенде, Раушан айымды өлкөдөгү абал, президенттин кандай иштеп атканы кызыктырбайт деле. Ал дайыма меркантилдик максаттардын жетегинде  капчыгын, жеке, үй-бүлөлүк жыргалчылыгын гана ойлогон адам. Ошон үчүн анын мындай кайрылуусуна олуттуу маани берүүнүн кереги жок. Жөн гана учурдан пайдаланып, өзүн коомчулукка, элге билдирип, шайлоо алдында кандайыр бир саясий дивиденд алууга болгон аракет катары гана кароо керек.  «Президентти ушинтип сынга алып, импичмент жарыяласам, жоопкерчилигин кароону талап кылсам, шайлоого катышчу партиялардын биринен чакыруу болуп калабы» деген гана үмүттөн келип чыккандар.  

Бирок Раушан айымдын мындай аракеттеринен натыйжа болбойт, куру убаракерчилик.  Себеби, анын ким экендигин көпчүлүк жакшы билет, эч бир партия лидери аны партия курамынан көргүсү келбейт. 

Тилемчиликти  пиар жасоого айлантып…

Айрым пиарчылардын өзүбүздүн жетекчилерге кайрылгандарына макул дейли, ар кимдин өз билгенине кайрылганга укугу бар. Конструктивдүү болсо гана болду. Бирок өзүнүн керт баштарына ээлик кылгандан башка ыйгарымдары жок айрымдар түз эле башка өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылуу жасаганды адатка  айландырып алышты. Бул жагынан Ассоль Молдокматова айым баарын артка таштады. 

Ассоль Молдокматова сөздүн түз маанисинде эл аралык  тилемчиге   айланды. Буга  дейре балкондо концерт коюп, карантиндик режимди жеке пиары үчүн пайдаланса, пандемиялык абалда  анысын күчөттү. Кечээ жакында эле Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, илдетке каршы күрөшүүгө жардам сураган болсо, андан кийин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдон да жардам кылуусун өтүндү. Сындагандарга  «каалаганымдан сурайм, ишиңер болбосун, сурасам кыргыз элим үчүн сурап атам, ал өзүмдүн укугум» деген мааниде  жооп берди. Бирок түздөн түз эле башка өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылгыдай А. Молдокматова өзү ким? Ал жергиликтүү маанидеги шоуменка. Анын Галкин менен Малаховдой жок дегенде  К. Собчактай ысымы болсо да бир жөн эле. Ал канча кайрылса деле эч ким көңүл бурбайт.

Ассоль Молдокматованын илдетти жуктургандарга жардам берүү, кем карчылар менен камсыздоо багытындагы  алып барып аткан иштери  мактоого татыктуу.  Муну калыстык үчүн белгилөө   керек. Бирок ошол эле мезгилде анын пандемияны бетке кармап, башка мамлекеттердин башчыларына кайрылуусу чектен чыккан, эл аралык цивилдүү мамилелерге ылайыксыз, өзүн дагы бир ирет көрсөтүүнү гана көздөгөн пиар. Анын чектен чыккандык, ашыкча кеткендик экенин Ассоль айым өзү эң жакшы түшүнөт, билет. Анткени, ал акылдуу, билимдүү адам. Бирок кырдаалдан пайдаланып, «колдо турган коёнду, коё берүү болобу» дегендей максатта аша чаап кеткендик болууда. Көчөдө жүргөн көрүнгөн адам эле башка мамлекеттердин жетекчилерине кайрыла беришсе, ал биздин эл, мамлекет, саясий маданият жөнүндө дүйнөлүк коомчулукта терс пикирлерди гана көбөйтөт. 

Биримдик, ынтымак аркылуу гана илдетти жеңебиз 

«Кой аласы менен миң»,  «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп коет элибизде. Бүгүнкү абалды кимдер канчалык  өздөрүнүн кызыкчылыктарына пайдаланып, элге ар кандай чакырык, азгырыктарды таратпасын, элдин басымдуу көпчүлүгү өкмөт, бийлик дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте коронавируска каршы иш-аракеттерин колдоого алып, ынтымакта, биримдикте чыгып кеткенге аракет кылышууда.  Ар кандай оор учур, кыйын кезеңдерге бир  жеңден кол, бир жакадан баш чыгарганга көнгөн кыргыз эли  уюшкандыгын, биримдигин көрсөтүүдө. Акчалуулар каражаттарынан бөлүшүүдө. Ыктыярчылар  дарыгерлерге, дартка чалдыккандарга жакындан жардамдашып, илдетти жеңгенге  көмөк  көрсөтүп жатышат. 

Абал кайсы бир деңгээлде көзөмөлдөн чыгып кетти. Бирок  оор абалга кайдыгер карабаган жарандардын аракеттери менен кырдаал  турукташтырылып,  илдет менен күрөшүү ырааттуу түрдө жүрүүдө. Ачыгын айтканда, Кыргызстанда 16-400  миңдей адам илдетке чалдыгуу мүмкүн экендиги мартта эле адистер тарабынан болжолдонгон экен. Бирок илдеттин акыркы убактарда кеңири таркалып, буга чейин белгисиз жактарынан да көрүнүүсү кыйынчылыктарды арттырууда. Мындай учурдан  койнунда котур ташы барлар, элдин тагдырынан да жеке кызыкчылыгын жогору койгондор , саясий, каржылык пайда табууну көздөгөндөр да чыгат экен.  Андайлар болуп келген, боло берет. Анын үстүнө алдыдагы шайлоо өнөкөтү да айрымдарды тынч жаткырбай, кандай жол менен болбосун өзүн – эл, мамлекет үчүн күйгөн адамдардай көрсөтүүгө өтүп алышты.   Абал оор, бийликтин айласы кетүүдө, жуктургандардын саны өсүп, өлгөндөр да көбөйүүдө. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр бизде гана болуп жаткандай, дүйнөнүн башка өлкөлөрү илдеттен эбак арылып, тынч жашоого киришкендей көрсөтүп, маселени өзгөчө драмалаштырып, апыртып-жапыртып жибергендер да болушууда. 

Пандемия дүйнөгө келген алаамат, сыноо, аны шайлоонун тутумунан  караган туура эмес.  Алар президенттин, өкмөттүн илдетке каршы иштерин көргүлөрү да, билгилери да келишпейт. Бирок  эл, калайык журтубуз   өкмөт тарабынан  аткарылгандарды көрүп, билип турушат.  Тилекке каршы, бизде мындай алаамат боюнча тажрыйба   болгон эмес. Баарын иштин жүрүшүндө  үйрөнүп атабыз. Андыктан кемчиликтер да болду, болууда. Эң ириде оорудан сактануу  талаптарын так аткаруудан, өзүбүзгө, жакындарыбызга жоопкер болуудан,  оорудан сактануу талаптарын так аткаруу, өзүбүзгө, жакындарыбызга жоопкерчиликте болуу, илдетти жеңүүнүн негизги шарттарынан экендигин эми гана түшүнүп атабыз. Гезитибиздин өткөн санында жазгандай, илдетти саясат менен эмес, биримдик менен гана жеңе алат экенбиз. Р. Айткулова, А. Молдокматова сыяктуулар пиар үчүн мындан ары да ар кандай демарштарды жасай берери талашсыз. Анткени, буларга окшогондор элибиздин башына келген сыноону өздөрүн билдирип турууга болгон  мүмкүнчүлүк катары караганга өтүп алышты. 

«Бүткөн иштин сынчысы көп» деп айтылат  элибизде.  Ал эми иш бар жерде  сөзсүз  кемчиликтер, алешемдиктер болбой койбойт. Аны да көрүүдөбүз, бирок аларды ашкере драмалаштырып,  элдин аңын учуруунун кимге кереги бар. Сиз менен бизгеби, же саясатчыларгабы? Жок! Илдетти ынтымакта, биримдикте, сабырдуулукта гана жеңе алабыз. Башка жол  жок. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы