Печать
Категория: Коом
Просмотров: 207

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Камчыбек Ташиевге бир тууган агасы Каныбек Ташиевдин мезгилсиз дүйнөдѳн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Кайгыдан кабыргабыз кайышып турат. Бирок  Каныбек Ташиев кылымдардын кыйырын кырча басып келаткан кыргыздын тарыхында, жеке тагдырынан журт намысын жогору койгон, өзүн көрпенделик турмуштан бийик туткан, элдин келечеги үчүн, акыйкат үчүн, бийликтин адилетсиздиги үчүн күрөшкөн, көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган азаматтарыбыздын бири катары биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат.

Каныбек Кыдыршаевич, Сиз баарыбыз ажалга ыраа көрбөй турган асыл адам элеңиз. Маңдайга жазган жазмыш, Жараткандын өкүмүнө эч кимибиз каршы чыга албайт экенбиз. Ажал улук экен! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко, ыйманыңыз саламат болуп, Жараткан сизди өз мээримине алган болсун!

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз.

Исмаил Исаков

Ахматбек Келдибеков

Курманбек Осмонов

Бекболот Талгарбеков

Турсунбай Бакир уулу

Бөдөш Мамырова

Элмурза Сатыбалдиев

Улугбек Ормонов

Нариман Түлеев

Надира Нарматова

Рысбек Мирзаматов

Токтомурат Сатаров

Керимбек Сарбашев

Жаныбек Бекназаров

Иман Кочкорбаев

Кубанычбек Кадыров

Равшан Сабиров

Медербек Сатыев

Каныбек Темиров

Алтынбек Жумаев

Нургазы Анаркулов

Алтынай Ормотоева