Кыргыз элин дагы кыйгап өтпөй, карантинди сактабагандын натыйжасын мына эми көрүп жатабыз. “Бир ай жыргайбыз”- деп, мен-мен деген инсандарыбыздан, канчалаган жөнөкөй жарандарыбыздан айрылып отурабыз. Мамлекет ушинтип мөңкүрөп турганда, капталдан чыккан акылмандар көбөйдү. Колдон келип турса, жасай беришпейби дейсиң, милдет кылбай. Ошолордун катарын толуктаган дүжүр чалдын ролун карыганда Накен Касиевдин аткарып жатканы өкүнүчтүү.
“Азаттыкка” барып, даттанып ийиптир, “оорукана салат элем, өкмөт менен президенттин аппаратынан жооп жок”- деп.
Жарыктык киши, куруучулар бар экен, жер табышыптыр, колдон келсе, кыла бер да! Мамлекеттик бийликти кошо ала жатпай…
30 жылдан бери жаман көнүшүптүр булар, мамлекетти кемирип-кесип. Накен Касиев тээ Акаевдин заманынан бери карыганчакты кызматтарда отурду, ар кайсы. Майрашканын амири менен 10 жыл КР Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп, системаны талкалагандан башка бир да реформаны жасаган жок да!
Болгон реформасы айылдардагы ФАПтарды жоюп, байкуш айылдыктарды райондук жана шаардык ооруканаларга көз каранды кылып койгон.
Райондук санитардык-эпидемиологиялык станцияларды жоюп салган, ошону менен эпидемияларга каршы иш-чаралар талкаланып, токтогон.
Оорукананы куруу жөнүндө айтпай эле коелу, Касиевдин учурунда оорукана курулмак тургай, ФАПтар талкаланганын айтпадыкпы!
Ал эми Улуттук онкология борборуна мыйзамсыз жетекчи болуп алып, коррупциялык ж.б. иштер менен ызы-чуу болуп кеткени өзүнчө узун сабак кеп.
Өлкөдөгү саламаттык сактоо системасынын ушул абалына опол тоодой салым кошкон Накен Касиев оорукана боюнча акыл айтып, догурунбай эле койгону өзүнө абийир.
Азыркы оор учурда доомат артпай, жардам бериш керек. Мамлекетти ичип-жеп жакшы эле тоногонсуңар Накен карыя! Эми ага жардам берчү учур келди!
Булак: Slon.kg