Өлкө боюнча акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) илдети менен 1108 адам катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 323 адам;
- Ош шаарында 124 адам;
- Чүй облусунда 122 адам;
- Ош облусунда 93 адам;
- Нарын облусунда 54 адам;
- Ысык-Көл облусунда 154 адам;
- Жалал-Абад облусунда 107 адам;
- Баткен облусунда 61 адам;
- Талас облусунда 70 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы саны 28251 адамды түздү.