Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев 74 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Жыпар Жекшеев Улуттук госпиталда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан, акыркы учурда акыбалы оордогон. 21-июлда түнкү саат 01:30да каза болгон.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Чуйков атындагы көркөм сүрөт орто окуу жайын, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1990-жылдан тартып саясатка аралашкан.