Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

- Самсаалы мырза, эпидемиологиялык абалды негиз кылып, “шайлоону жылдыруу керек” деген топтор пайда болду. Шайлоо мөөнөтү жылышы керекпи?

- Шайлоо күнгө чейин али убакыт бар. Ага чейин пандемия өтүп кетет деген үмүттөмүн. Андай болгон учурда шайлоо өз учурунда өтүшү керек. Учур талабына ылайык ыкчам иштей ала турган, азыркы кризистен алып чыгып кете ала турган аткаруу бийлигин алып келүүнүн мыйзамдуу жолу - шайлоону өз убагында өткөрүү. Азыркылар менен олтура берсек эл кырылып калат. Бул өкмөтүбүздүн эч нерсеге жөндөмсүз экенин көрбөдүкпү. Шайлоо өз убагында өтүп, аткаруу бийлиги жаңыланышы керек.

- Шайлоону жылдырууну каалаган активисттер шайлоого корой турган каражатты илдет менен күрөшүүгө жумшоо зарылдыгын айтып жатышат го?

- Эгер азыркы өкмөт күчтүү болгондо, шайлоого деген акчадан башка эле акчаны таап, пандемияга каршы иштетүүгө салып коймок. Бизде эч бир ишти кыйратпаган, жөн эле элдин жонконунан айлык алып, күн көргөн бүтүндөй министрликтер бар. Ошолордун ишин убактылуу токтотуп, өздөрүн айлыксыз эмгек өргүүсүнө кетирип, ал жака кетчү айлык акыны пандемияга каршы бурсак болот. Мисалга, Айыл чарба министрлигин алсак болот. Кылган ишинин дайыны жокко эсе, статистика кана жүргүзүп олтургандан башка эч бир кыйратып иш кылганын көрө элекмин. Бизде аткаруу бийлиги эрксиз да, жөндөмсүз да болуп атат.

- Шайлоодо эл илдет менен күрөшүүгө салым кошкон азаматтарга басым коюшу керекпи?

- Эл деген элек. Эл баарын таразалап анан өз добушун бериши керек. Эл деле кимдин ким экенин билип калды. Ойлонбой, таразалабай, сүрүштүрбөй добуш берип жүрүп ушул убака келдик. Бүгүнкүдөй бийликтин калыптанышына элдин да түздөн-түз күнөөсү бар. Бул бийлик асмандан түшүп калган жок. Эл өзү шайлаган парламент бүгүнкү аткаруу бийлигин түптөдү. Ошондуктан эл бул жолу өтө этият болуп, келечек муундун эртеңкисин ойлоп добушун бериш керек. Албетте, кыйын кезеңде суурулуп чыгып, эли үчүн төшүн тоскон, жөндөмдүү, уюштургуч жөндөмү бар эл деп чуркап жүргөн жигиттерге да көңүл бурушу керек. Бирок, илгеркиге окшоп ураалап эмес, таразалап, сүрүштүрүп анан гана добуш бериши керек. Эл кечээ күнү уурдап, бүгүн ошонун бир кичине бөлүгүн элге чачымыш болуп койсо ээрчип кетпеш керек. Нака таза, эл деген жигиттерди шайлашы керек бул жолу.

- Партиялар жардамды БШКнын көзөмөлүнүн алдында бериши керекпи?

- Жок. Ким жардам берсе бул жөн гана адамкерчиликтин чегинде жардам берип атат деп ойлойм. Кимде мүмкүнчүлүк бар, ошол жардам берип атат. Жөн гана адамкерчилик бул. Шайлоого такыр тийешеси болбошу керек. Эгер шайлоодо добуш алам деп кайрымдуулук кылып атса, ал партияга такыр добуш бербеш керек. Демек ал партиянын максаты белгилүү. Эл ошону болуп карай алыш керек, алданып калбашы керек. Акча таркатты, жардам берди деп эле шайлай берсек, анда бул жолу өзүбүз чимкириктик кылган болобуз..

Булак: "Майдан.kg" газетасы