Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда эртең мененки онлайн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
«2020-жылдын 17-июлунда өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө өттү. Коронавирустук инфекциянын белгилерин дарылоо боюнча бирдиктүү мамиле иштеп чыгууда Саламаттыкты сактоо министрлиги буйрук чыгарып, ага ылайык лабораториялык жактан тастыкталбаган, бирок клиникалык вирустук этиологиялык белгилери бар ооруканадан тышкаркы пневмония U07.2. кодуна тийиштүү. Натыйжада статистикалык жактан ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 вирусунун бир көрүнүшү катары саналат», - деди ал.
Анын айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 боюнча жалпы статистикага киргизилбейт.
«Бирок биз бириктирүүдөн соң COVID-19 вирусунан каза болгондордун саны жогорулагандыгына карабастан, статистиканы бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул маселе ар кыл эксперттер менен ар кандай деңгээлде бир нече ирет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кеңсесинин кызматкерлери менен талкууланды», - деп кошумчалады ал.
Аида Исмаилова статистика бир нече себептерден улам бириктирилгенин белгиледи.
Оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет.
Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.
Булак: Баракелде