Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

 COVID-19 вирусунун дагы бир олуттуу толкуну болот. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мурунку эксперти, SARS респиратордук синдромун изилдөөнү жетектеген Клаус Штор «Bloomberg» гезитине берген маегинде билдирди.

Анын пикири боюнча, эгер катуу карантиндик чаралар кабыл алынбаса, вирус тез жайылып кетет.

«Бул вирустун эпидемиологиялык "жүрүм-туруму" башка респиратордук оорулардан анча деле айырмаланбайт. Кышында кайтып келет. Дагы бир олуттуу толкуну болот. Кышка жакын оору жуктургандар көбөйүп, оорунун жайылуусун токтотуу оор болот. Себеби учурда көпчүлүк бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөрдү сактабай жатат.

Кийинки жылдын башында Германия сыяктуу өлкөлөрдө вакциналар пайда болушу мүмкүн. Ал эми Бразилия, Аргентина же Чили сыяктуу өлкөлөрдүн жашоочулары вакцинанын биринчи дозасын ала албай калышы ыктымал. Дүйнө эки топко бөлүнөт: вакцина алгандар жана аны албагандар», - деди ал.

Эксперттин божомолу боюнча, кийинки жылдын ортосунда дүйнө элинин көпчүлүк бөлүгүндө антитела пайда болот. Алардын саны акырындык менен көбөйөт. Андан кийин үчүнчү толкун болуп, ал бүткөндө дүйнөдөгү адамдардын 80 пайызында коронавируска каршы иммунитет пайда болот.

«Бул жылдын аягында же кийинки жылдын башында вакцинанын жарым миллиард дозасы жеткиликтүү болушу мүмкүн, бирок дүйнөдө 7,5 млрд адам бар. Алардын көбү вакцина ала албайт. Вирус жайылып, 2-3 жылда бир келиши мүмкүн. Пандемияны вакцина токтотпойт. Планетадагы акыркы киши оору жуктурганга чейин от өчпөйт», - дейт эксперт.

Булак: Баракелде